Аялзатынын укуктары тепселенип жатат
«Аялзатына кандай мамиле жасалып жатканын көргөндө кичинекей эле бойдон калып калгым келет» (ЗАХРА, 15 ЖАШТА, сөздөрү француз тилинде чыккан «ГЕО» журналынан алынды).
СҮРӨТТӨГҮ жаш кыздын сөздөрү дүйнө жүзүндөгү аялзатынын абалы канчалык аянычтуу экенин көрсөтүп турат. Чынында эле, аялзаты зордук-зомбулук көрүп, басынтылып келет. Келгиле, төмөнкүлөрдү карап көрөлү:
Жынысына карап бөлүү. Азияда ата-энелер кыздуу болгонго караганда, уулдуу болууну көбүрөөк самашат. БУУнун 2011-жылкы бир билдирүүсүнө ылайык, ал жакта бойдон алдырылган, ымыркай кезинде өлтүрүлгөн, тийиштүү түрдө кам көрүлбөгөндүктөн өлгөн кыздардын саны 134 миллионго жакын.
Билим алуу. Дүйнө жүзү боюнча мектептен билим албагандардын же 3 эле классты бүтүргөндөрдүн үчтөн эки бөлүгүн аялдар менен кыздар түзөт.
Зордуктоо. 2 жарым миллиарддан ашуун аял күйөөсүнүн аялын күчкө салып, жыныстык катнашта болууга мажбурлаганы кылмыш деп эсептелбеген өлкөлөрдө жашашат.
Ден соолук. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн, боюнда бар кезде же төрөт учурунда ар бир 2 мүнөт сайын 1 аял өлөт.
Мүлккө, жерге ээ болуу укугу. Дүйнө жүзү боюнча талаа жумуштарында иштеген адамдардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Бирок көп өлкөлөрдө аялдардын мүлккө ээ болуу же жерди мурастоо укугу жок.
Эмне үчүн аялдардын укугу тебеленип келет? Айрым элдерде аялзатын басынткан, аларга көрсөтүлгөн зордук-зомбулукту актаган же ага жол берилген диний ишенимдер, каада-салттар бар. Индиялык юрист Чандра Рами Чопра француз тилинде чыккан бир гезитке берген дил маегинде мындай деп айткан: «Диний мыйзамдардын бир окшош жери бар: алардын баары аялдардын укугунун тебеленишине жол берет».
Силер да ушуга кошуласыңарбы? Кандай деп ойлойсуңар, Ыйык Китепте да, башка диний китептердегидей эле, аялзатын басынткан мыйзамдар жазылганбы? Ыйык Китептеги кээ бир аяттардан улам айрым адамдар ошондой деп ойлошот. Ыйык Китепти жаздырган Кудайдын аялзатына болгон көз карашы кандай? Ыйык Китепте жазылгандарды кылдат талдап чыксак, бул суроого жооп ала алабыз.