Байыркы убактагы айымдар колдонгон боёктор, майлар
Байыркы убактагы айымдар колдонгон боёктор, майлар
Байыркы убакта кыз-келиндер жуунгандан кийин денесине жыпар жыттуу майларды сүртүшчү. Сырты оймо-чиймеленип кооздолгон кутучасында айнектен, пилдин сөөгүнөн, суудагы омурткасыз жаныбарлардын кабыгынан же таштан жасалган кичинекей идиштер, вазалар жана кумуралар болчу. Аларда бальзам, кардамон, корица, ладан, бал, мирра жана ушу сыяктуу нерселер кошулуп жасалган жыпар жыттуу майлар жана жыты аңкыган атырлар болчу.
Ошондой эле кутучасында ар кандай формада жасалган кашыктар, ар кандай көлөмдөгү идиштер болгон. Аларды боёкторду аралаштырыш үчүн колдонушчу. Боёнгондо карана турган күзгүсү колодон боло турган.
КЫЯЗЫ, аялдар тээ эзелтеден бери эле бою-башына каранып, сулуулукка көп маани берип келишкен. Археологдор тапкан байыркы убактагы көрүстөндөрдүн ичиндеги дубалга чегилген, тартылган сүрөттөр байыркы Месопотамияда жана Мисирде кыз-келиндердин боёкторду кеңири колдонуп келишкенин көрсөтүп турат. Сүрөттөрдө тартылган мисирлик аялдардын көздөрү бадамдын данегине окшоштурулуп боёлгонун байкоого болот. Ал убакта ошентип боёлгон көздөр көпчүлүккө жакчу.
Ал эми байыркы ысрайылдык аялдар жөнүндө эмне дешке болот? Алар боёнушчу беле? Ысрайылдык аялдар кандай боёкторду, кандай жыпар жыттуу майларды колдонушкан? Байыркы Ысрайылдан табылган көрүстөндөрдө дубалга тартылган, чегилип жасалган сүрөттөр болгон эмес. Андыктан байыркы Ысрайылдагы кыз-келиндердин кандай боёкторду жана кандай жыпар жыттуу майларды колдонушканын Ыйык Китепте жазылган билдирүүлөрдөн жана анда айтылган жерлерден табылган археологиялык табылгалардан биле алабыз.
Боёнгондо эмнелерди колдонушчу?
Ысрайыл жеринде жүргүзүлгөн казуу иштеринде айымдар боёнгондо жана жыпар жыттуу майларды сүйкөнгөндө колдонгон көптөгөн буюмдар табылган. Табылгалардын арасында боёкторду майдалап, аралаштырганга ыңгайлуу болгон, таштан жасалган тайпак идиштер, сабиздин формасына окшош бөтөлкөлөр, жыпар жыттуу майлар куюлчу алебастр кумуралар жана колодон жасалган, кармагычы бар кичирээк күзгүлөр болгон. Ошондой эле сабынын бир бетинде пальманын жалбырактары, бир бетинде көгүчкөндөр тегеректеп турган аялдын башынын сүрөтү чегилген, пилдин сөөгүнөн жасалган кашык табылган.
Суудагы омурткасыз жаныбарлардын кабыгынан абдан кооздолуп жасалган, жыпар жыттуу майлар, атырлар куюла турган идиштерди көбүнчө бардар турган үй-бүлөдөгү кыз-келиндер колдонушчу. Сууда сүзүп бараткан кыздын түспөлүнө же дагы башка ар кандай нерселердин түспөлүнө окшоштурулуп, пилдин сөөгүнөн же жыгачтан жасалган кичинекей кашыктар Мисирден жана Канаан жеринен да табылган. Бул табылгалар байыркы убактагы айымдар боёкторду, жыпар жыттуу майларды көп колдонушканын айгинелеп турат.
Көз боёктор
Ыйык Китепте Аюп пайгамбардын бир кызынын аты Керенгапух болгону айтылат. Еврей тилиндеги бул сөздүн мааниси, сыягы, «кара боёк (көз боёк) салынган мүйүз» — көз боёктор салына турган идиш же куту — дегенди билдирет (Аюп 42:14). Ал абдан сулуу болгондуктан ага ошондой ат коюшса керек. Же болбосо ошол убакта боёктор көп колдонулгандыктан ошондой ат коюлушу ыктымал.
Кызыктуусу, Ыйык Китепте көз боёк жөнүндө айтылганда көбүнчө жаман аялдар тууралуу, мисалы, Изабел деген уу тырмак каныша тууралуу айтылганда колдонулат. Ошондой эле көз боёк жөнүндө Жеремия менен Жезекиел пайгамбарлар Кудайдан баш тартып кеткен Иерусалимдеги элди бузуку аялга салыштырган билдирүүлөрдө айтылат (2 Падышалар 9:30; Жеремия 4:30; Жезекиел 23:40). Ысрайыл жеринен айнектен же таштан жасалган, көз боёк салына турган идиштердин көп табылганынан ысрайыл аялдары, көбүнесе падышалардын тукумунан тараган же бай турган аялдар көзүн аябай боёп, ар кандай боёкторду, майларды өтө көп колдонсо керек деген жыйынтык чыгарса болот.
Жыпар жыттуу майлардын ибадатканада жана башка учурларда колдонулушу
Жыпар жыттуу майлар Ысрайылда тээ байыртадан бери эле жасалып, колдонулуп келген. Ыйык Китептин Чыгуу деп аталган китебинде дин кызматчылар ибадатканада колдонгон жыпар жыттуу майлардын кантип жасалганы жөнүндө айтылат. Ал майлар корица, мирра жана башка жыпар жыттуу өсүмдүктөр Чыгуу 30:22—25). Иерусалимден табылган табылгалар археологдордун б.з. 1-кылымында ибадатканада колдонула турган жыпарзаттар жасалган дүкөндөр болгон деген ырастоосун тастыктоодо. Ыйык Китепте жыпар жыттуу майлардын ибадатканада да, башка учурларда да колдонулганы айтылган билдирүүлөр көп (2 Жылнаама 16:14; Лука 7:37—46; 23:56).
кошулуп даярдалчу (Дене-бойду таза алып жүргөнгө суу жетишсиз болгондуктан, байыркы учурда жыпар жыттуу майларды колдонуша турган. Жыпар жыттуу майларды ысык, кургакчыл климаттын таасиринен денени коргош үчүн эле эмес, жагымдуу жыттанып, тери назик болуп турушу үчүн да колдонушчу (Рут 3:3; 2 Шемуел 12:20). Мисалы, Эстер деген жүйүт кызды Акашбейрош падышанын алдына алып барардан мурун «алты ай мирра майы менен, алты ай бальзам майы менен майлашкан (Эстер 2:12).
Байыркы учурда атырлар же жыпар жыттуу майлар алтын-күмүш менен бирдей эле бааланган. Алсак, узак жол жүрүп келген Шебанын канышасы Сулайман падышага тартуу кылган баалуу белектердин арасында алтын, асыл таштар жана бальзам майы болгон (1 Падышалар 10:2, 10). Ошондой эле Хиския падыша Бабылдан келген элчилерге казынасындагы алтын-күмүшү, бүт курал-жарагы менен бирге эле «бальзам майын, кымбат баалуу майын» сыймыктанып көрсөткөн (Ышая 39:1, 2).
Ар кандай гүлдөрдөн, жашылча-жемиштерден, жалбырактардан, чайырдан жана дарактардын кабыгынан кымындай эле жыпар жыттуу зат же май алышчу. Ыйык Китепте алоэ, бальзам, жыпар жыттуу чайыр, кассия, айыр, корица, ладан, мирра, шафран жана нард сыяктуу жыпар жыттуу өсүмдүктөр жөнүндө көп айтылат. Алардын айрымдары ошол аймактарда, мисалы, Иордан өрөөнүндө өсчү. Башкаларын болсо Индиядан, Түштүк Аравиядан жана башка жерлерден соода жолдору аркылуу алып келишчү.
Белгисиз бальзам майы
Ыйык Китепте бальзам майы тууралуу Эстер каныша, Шебанын канышасы жана Хиския падыша жөнүндөгү билдирүүлөрдө айтылат. 1988-жылы Жансыз деңиздин батыш жээгиндеги Кумран аймагына жакын жердеги үңкүрдөн май куюлган кичинекей кумура табылган. Учурда буга байланыштуу көптөгөн суроолор туулууда. Ал май байыркы заманда абдан бааланган бальзам майынын калдыгыбы? Окумуштууларга бул азырынча белгисиз. Багбандар бүгүнкү күнгө чейин байыркы учурда бальзам майы алынган бадалдарды өстүргөнгө аракет кылып келишет.
Табылгалардан көрүнүп тургандай, кыязы, Ыйык Китепте айтылган бальзам майлары Эн-Геди деген аймакта жасалган. Археологдор башка аймактарда атыр жасоодо колдонулган буюм-тайымдарга окшош болгон, б.з.ч. 6-кылымга таандык мештерди, кумураларды, темирден жана сөөктөн жасалган ар кандай буюм-тайымдарды табышкан. Окумуштуулардын көбү бальзам алынган бадалдын көчөтү Аравиядан же Африкадан алынып келген деп ырасташат. Жыпар жыттуу заттарды бадалдан чыккан суюктуктан алышчу. Бальзам майы абдан кымбат турчу жана анын кантип жасалары купуя сыр бойдон сакталчу.
Бальзамды атүгүл саясий мүдөө-максатына жетиш үчүн да колдонушчу. Алсак, жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин билдирүүсүнө ылайык, Рим аскербашы Марк Антоний ошол аймакта өскөн, кымбат баалуу жыпарзат алына турган бадалдардын баарын Мисирдин канышасы Клеопатрага белек кылган. Ал эми римдик тарыхчы Плиний б.з. 1-кылымында болгон Жүйүт согушунда жүйүт аскерлери, аларды басып алууну көздөгөн Рим аскери алып кетпеши үчүн, бальзам жасала турган өсүмдүктөрдүн баарын жок кылганга аракет кылышканын жазган.
Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн, археологиялык табылгалардын жардамы менен байыркы убакка саякат кылып, ошол учурдагы элдердин жыпар жыттуу майларды, боёкторду жана атырларды кантип колдонгонунан бир аз кабардар болдук. Ыйык Китепте боёкторду, атырларды жана ар кандай жасалгаларды колдонууга тыюу салынбайт, бирок аларды «уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен» колдонуу керектиги баса белгиленет (1 Тиметей 2:9). Кудайдын бир кызматчысы «токтоолук жана жумшактык» «Кудайдын көз алдында абдан баалуу» экенин айткан. Элдин кийимге, боёнгонго болгон көз карашы улам өзгөрүп тургандыктан, Кудайдан корккон аялдардын да, жаш кыздардын да бул кеңешке ылайык иш кылганы акылдуулукка жатат (1 Петир 3:3, 4).