Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет»

«Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет»

«Мырзам,.. бизге тиленгенди үйрөтчү» (Лука 11:1). Иса пайгамбардын шакирттеринин бири андан ушундай деп өтүнгөн. Пайгамбар ага жооп кылып, Кудайдан кантип тиленишибиз керектигине жана канткенде Кудай тилегибизди угарына байланыштуу эки мисал келтирген. Кудай үнүбүздү угат болду бекен деп ойлонуп жүрсөңөр, Иса пайгамбардын айткандары силерге кызыктуу болот. (Окугула: Лука 11:5—13.)

Биринчи мисалда кантип тилениш керектиги баса белгиленет (Лука 11:5—8). Ал мисалда бир кишинин үйүнө түндө мейман келген болот. Бирок анын дасторконго коёр эч нерсеси жок болчу. Ошондуктан ал, түн ортосу болсо да, досуна нан сураганы барат. Досу бала-чакасы менен жатып алгандыктан тургусу келбей коёт. Бирок нан сурап келген киши көшөрүп туруп алгандыктан, туруп, сураганын берет *.

Бул мисалдан тиленүүгө байланыштуу эмнени биле алабыз? Иса пайгамбар сураганыбызды, издегенибизди, тыкылдатканыбызды токтотпошубуз керектигин айткан (Лука 11:9, 10). Эмне үчүн? Ал Кудайдын биздин өтүнүчүбүздү аткаргысы келбей турганын айтты беле? Жок. Иса пайгамбар баса белгилегендей, Кудай мисалдагы досуна нан бергиси келбеген кишидей эмес, Ал ага бекем ишенгендердин тилегин орундатууну абдан каалайт. Тиленгенибизди токтотпосок, Кудайга бекем ишенерибизди далилдейбиз. Кайра-кайра сурасак, ошол нерсеге чынында эле муктаж экенибизди жана анын эркине ылайык келсе, Кудай сураганыбызды сөзсүз берерине бекем ишенерибизди көрсөтөбүз (Марк 11:24; 1 Жакан 5:14).

Экинчи мисалда Жахабанын тиленгендердин үнүн угары баса белгиленет (Забур 65:2). Иса пайгамбар: «Араңардагы кайсы ата, уулу балык сураса, анын ордуна жылан берет? Же жумуртка сураса, чаян берет?» — деген. Мунун жообу айдан ачык: баласын сүйгөн бир да ата канынан бүткөн баласына жамандык кылбайт. Иса пайгамбар мисалынын маанисин түшүндүрүп, мындай деген: «Силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун ого бетер бербейби?» * (Лука 11:11—13; Матай 7:11).

Кудай ага бекем ишенгендердин тилегин орундатууну абдан каалайт

Мындан тиленгендерди уккан Жахаба Кудай жөнүндө эмнени биле алабыз? Иса пайгамбар Жахаба Кудайдын балдарынын өтүнүчүн аткарууну абдан каалаган мээримдүү атадай экенин түшүндүргүсү келген. Андыктан Кудайдын кызматчылары жүрөгүндөгүсүн төгүп тиленишет. Ошондой эле Кудайдын кызматчыларына эң жакшы нерсени гана каалай турганын билгендиктен, тилегине өздөрү ойлобогондой жооп алса да, даярдуулук менен кабыл алышат *.

Апрелде Ыйык Китепти окуу:

Лука 7—21

^ абз. 4 Иса пайгамбардын мисалы жашоодон алынган. Жүйүттөр үйгө келген кишини коноктоону ыйык милдет деп эсептешчү. Ошондой эле эгер үй-бүлө жарды болсо, баары бир бөлмөдө жерге укташчу.

^ абз. 6 Иса пайгамбар «ого бетер» деген сөз айкашын көп колдонгон. Муну менен ал Кудайдын адамдарга караганда канчалык жакшы экендигин баса белгилеген.

^ абз. 7 Кантип тиленсе болору жана канткенде Кудай тилегибизди угары жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 17-бөлүмүн карагыла.