Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азгырыкка алдырбоо мүмкүнбү?

Азгырыкка алдырбоо мүмкүнбү?

«Мен порнография көрөйүн деген оюм деле жок болчу. Бирок Интернеттеги бир жарнаманы байкабай басып алсам, порнография чыга калды» (КОДИ *).

«Жумуштагы бир сулуу кыз мага тийише баштады. Бир күнү ал мейманканага барып, көңүл ачып келүүнү сунуштады. Анын оюн билип эле турдум» (ДИЛЭН).

«АЗГЫРЫКТАН башкасынын баарына туруштук бере алам». Ылакапка айланган бул сөздөр айрымдардын азгырыкка кандай караарын, тагыраак айтканда, аны жүрөгүнүн түпкүрүндө эңсеп турарын айгинелейт. Башкалары болсо азгырыкты артынан сая түшүп алган айыгышкан жоодой көрүп, аны жеңүүнү көксөп келишет. Силерчи? Азгырыкка туш болгондо туруштук бергенге аракет кыласыңарбы же алдырып коёсуңарбы?

Азгырыктарга алдырсак, өзгөчө, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка алып бара турган иштерге азгырылсак, бактыбызга балта чаап алабыз. Ыйык Китепте: «Ойноштук кылгандын акылы жок. Андай ишке барган өз жанын жылас кылат»,— деп бекеринен айтылбайт (Накыл сөздөр 6:32, 33).

Эгер ошондой иштерге түртө турган азгырыкка капыстан кабылып калсаңар, эмне кыласыңар? Ыйык Китепте: «Кудай силердин ыйыкталышыңарды, бузуктуктан алыс болушуңарды каалайт. Ар бириңер өз денеңерди ыйык сактап, сый тутуп, башкара билгиле»,— делет (1 Тесалоникалыктар 4:3, 4). Эркибиз күчтүү болуп, азгырыкты четке кага алыш үчүн эмне кылыш керек? Келгиле, буга жардам бере турган үч кеңешке токтололу.

1. Көзүңөрдү башкара билгиле

Адам ыпылас ой-сезимдерди козгой турган сүрөттөрдү же ушу сыяктуу нерселерди карай берсе, каалоосу уламдан-улам күчөй берет. Иса пайгамбар адамдын көргөнү менен каалоосу байланышта экенин көрсөтүп: «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деген. Анан салыштыруунун апыртылган түрүн колдонуп: «Оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер»,— деп айткан (Матай 5:28, 29). Муну менен ал эмнени айткысы келген? Азгырыкка алдырбаш үчүн чечкиндүү иш-аракет кылышыбыз зарыл жана ыпылас каалоону ойгото турган сүрөттөрдү жана башка ушу сыяктуу нерселерди көрбөшүбүз кажет.

Ыпылас ой-сезимди пайда кыла турган нерселерден көзүңөрдү дароо бургула

Мисалга бирөөлөр темир ширетип жатканын көрүп калсаңар, анын жарыгын карап тура берет белеңер?  Албетте, антмек эмессиңер. Көзүңөр жабыркабашы үчүн, көзүңөрдү жаба калмаксыңар же башка жакты карай калмаксыңар. Ошол өңдүү, делебени козгоп, ыпылас ой-сезимди пайда кыла турган сүрөттөр же башка ушу сыяктуу нерселер, кагаз жүзүнөн болобу, экрандан болобу же башка жерден болобу, көзүңөргө урунуп калса, акылыңар булганып калбаш үчүн, дароо көзүңөрдү бургула. Мурун порнография көрүп жүргөн Кван мындай дейт: «Сулуу кызды көрүп калсам, кайра-кайра карай бергим келет. Ошондуктан шак эле башка жакты караганга өзүмдү мажбурлайм. Анан өзүмө: „Жахабадан жардам сурап тилен. Азыр тиленбесең болбойт!“ — деп айтам. Тиленгенимде каалоом кадимкидей басаңдай түшөт» (Матай 6:9, 13; 1 Корунттуктар 10:13).

Аюп пайгамбар: «Мен көзүм менен келишим түзгөм. Анда кызга көз кадоого кантип батынмак элем?» — деп айткан (Аюп 31:1). Азгырыктын тузагына түшпөш үчүн ушундай көз карашта болуу зарыл!

Колдонуп көргүлө: Адепсиз сүрөттөрдү жана башка ушу сыяктуу нерселерди көргөнүңөрдө көзүңөрдү дароо бургула. «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл»,— деп тиленген бир пайгамбардан үлгү алгыла (Забур 119:37).

2. Оюңарды башкара билгиле

Жеткилең эмес болгондуктан, баарыбызга эле кээде жаман ойлор келиши мүмкүн. Ыйык Китепте: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат»,— деп айтылат (Жакып 1:14, 15). Андыктан ыпылас ойлордун сормо сазына батып кетпеш үчүн эмне кылыш керек?

Ыпылас ойлор келгенде, дароо Кудайдан жардам сурап тиленгиле

Ошондой каалоо пайда болгондо, андан ары кандай кыларыңар өз эркиңер экенин унутпагыла. Андыктан андай каалоо менен күрөшүп, арылганга аракет кылгыла. Ыпылас ой-кыялдарга батпагыла. Мурун Интернеттен порнография көрүп жүргөн Трой: «Жаман ойлорду акылымдан сүрүп чыгарыш үчүн жакшы нерселер жөнүндө ойлонгонго аракеттенчүмүн. Бул оңойго турчу эмес. Азгырылып кеткен учурларым да болду, бирок акыр-аягы каалоомду тизгиндегенди үйрөндүм»,— деген. Өспүрүм кезинде адеп-ахлаксыз ишке баргысы келип жүргөн Элза болсо мындай деп эскерет: «Кумарымды ооздуктоого дайыма кайсы бир иш менен алек  болгонум жана Жахаба Кудайдан күч сурап тиленгеним жардам берчү».

Колдонуп көргүлө: Ыпылас ойлор келгенде, дароо Кудайдан жардам сурап тиленгиле. Ошондой эле андай ойлордон арылыш үчүн «эмне чындык болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга татыса, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө» (Филипиликтер 4:8).

3. Алдын ала ойлонуштургула

Эгер каалоо да, азгырык да, мүмкүнчүлүк да — үчөө тең бир учурга туш келип калса, туруштук берүү оңойго турбашы мүмкүн (Накыл сөздөр 7:6—23). Азгырыктын торуна түшүп калбаш үчүн эмне кылыш керек?

«Интернетке жанымда бирөөлөр болгондо гана кирем»

Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деген сөз бар (Накыл сөздөр 22:3). Андыктан кандай жагдайда кандай азгырык болушу мүмкүн экенин аңдай билип, ошондой жагдайдан качканга аракет кылгыла (Накыл сөздөр 7:25). Порнография көрмөй адатын жеңе алган Филипе: «Мен үйдөгү компьютерди баарына көрүнүп тургудай жерге коюп койгом. Ага Интернеттеги маалыматты чыпкалай турган программаны да орнотком жана Интернетке жанымда бирөөлөр болгондо гана кирем»,— дейт. Жогоруда сөз кылынган Трой болсо: «Мен жаман ой-сезимдерди ойгото турган кинолорду көрбөгөнгө жана жыныстык мамиле жөнүндө ачык эле сүйлөшкөндөрдөн оолак болгонго аракет кылам. Анткени тескери жолго түшүп кетким келбейт»,— деп айткан.

Колдонуп көргүлө: Чынчыл болуп, алсыз жагыңарды моюнга алгыла жана кандай учурда азгырылып кетишиңер мүмкүн экенин алдын ала ойлонуп, ошондой жагдайлардан качкыла (Матай 6:13).

БАГЫНБАГЫЛА

Канча аракет кылсаңар да, азгырылып кетсеңерчи? Андайда көңүлүңөрдү чөгөрүп, багынып бербегиле. Ыйык Китепте: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 24:16). Ооба, Жараткан Кудайыбыз бизди «жыгылып калсак», «кайра турууга» үндөйт. Силер анын жардам беришин каалайсыңарбы? Анда андан күч сурап тиленгениңерди токтотпогула. Кудайга болгон ишенимиңер күчтүү болуш үчүн, Ыйык Китепти окуп-изилдегиле. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына барып тургула. Кудайдын: «Мен сага күч берем, жардам берем»,— деген убадасын эсиңерден чыгарбагыла (Ышая 41:10).

Макаланын башында айтылган Коди: «Порнография көрмөй адатымды таштоо аябай кыйын болду. Кээде кайра эле көрүп алчумун. Бирок Кудайдын жардамы менен андан акыры арылдым»,— деп айткан. Дилэн болсо: «Мен жумушта чогуу иштеген ал кыз менен жаман ишке барып коюшум толук мүмкүн болчу. Бирок анын сунушун чечкиндүү түрдө четке кактым. Абийириң таза болсо, аябай жакшы экен. Баарынан маанилүүсү, Жахаба сыймыктана тургандай иш кылганыма сүйүнөм»,— деп айткан.

Чечкиндүү болуп, азгырыкты четке каксаңар, Кудайдын силерди көрүп сыймыктанарына шек санабасаңар болот! (Накыл сөздөр 27:11).

^ абз. 2 Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.