Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Томас Эмлин. Чындыктын тайманбас жактоочусу

Томас Эмлин. Чындыктын тайманбас жактоочусу

ТОМАС ЭМЛИН ким болгон? Ага Кудай жөнүндөгү чындыкты жактаганга эмне түрткү берген? Андан кандай үлгү алсак болот?

Бул суроолорго жооп алыш үчүн Англия менен Ирландиянын 17-кылымдын аягындагы жана 18-кылымдын башындагы тарыхына кайрылалы. Ошол кезде Англия чиркөөсү зор бийликке ээ болчу. Бирок чиркөөгө каршы чыккан адамдар, ар кандай протестанттык топтор да бар эле.

Томас Эмлин так ушундай абал өкүм сүрүп турган маалда, 1663-жылдын 27-майында, Линкольншир графтыгындагы Стамфорд шаарында (Англия) жарык дүйнөгө келген. Ал 19 жашында чиркөөдө биринчи үгүт сөзүн сүйлөп чыккан. Кийинчерээк Лондондогу бир графинянын дин кызматчысы болгон. Бирок кийин Белфастка (Ирландия) көчүп кеткен.

Башында ал Белфастта бир чиркөөдө кызмат кылган. Ал эми убакыттын өтүшү менен бир нече чиркөөдө, анын ичинде Дублиндеги чиркөөдө кызмат кылып калган.

АЛ ЭМНЕ ҮЧҮН АЙЫПТАЛГАН?

Томас Эмлин Ыйык Китепти казып изилдеген. Ошондон улам мурунтан ишенип келген Үчилтик окуусунун тууралыгына шектене баштаган. Ал эми Инжилдерди изилдеп бүткөндө ал окуунун туура эмес экенине толук көзү жеткен.

Эмлин билгендерин дароо эле жар салган эмес. Бирок Дублиндеги (Ирландия) чиркөөдөгүлөр анын үгүт сөзүндө Үчилтик жөнүндө айтпай калганын байкашкан. Эмлин алардын анын көз карашын колдобой турганын билгендиктен: «Көз карашымдын кандай экени билинген соң, бул кызматта мындан ары калбайт окшойм»,— деп жазган. Үгүт сөзүнөн Үчилтик окуусун алып салганы үчүн, аны менен чогуу кызмат кылган эки дин кызматчы 1702-жылы ага каршы чыккан. Ошондо Эмлин көз карашын ачык айтып, дин кызматчылык милдетинен баш тарткан.

Исанын Эң Жогорку Кудай эмес экенине Ыйык Китептен далил келтирилген Эмлиндин эмгеги

Бир нече күндүн ичинде ал Дублинден Англияга көчүп кеткен. Бирок он жумадан кийин Лондонго биротоло көчүп кетиш үчүн айрым иштерин бүтүргөнү Дублинге кайтып барган. Ал жактан өзүнүн көз карашын жактоо ниетинде китеп басып чыгарып, ал китебинде Иса Машаяктын Эң Жогорку Кудай эмес экенине Ыйык Китептен далил келтирген («An Humble Inquiry Into the Scripture-Account of Jesus Christ»). Бул Дублиндеги чиркөө кызматкерлеринин каарын кайнаткан. Ошентип, анын үстүнөн арыз жазылган.

Эмлин камакка алынып, 1703-жылдын 14-июнунда Дублиндеги соттун алдына барат. Өзүнүн сот иши жөнүндөгү китебинде Эмлин «Иса Машаяктын Кудайга тең эмес экени жазылган китепти басып чыгарып, Кудайга акарат кылган... киши катары айыпталганын» жазган («True Narrative of the Proceedings»). Анын адилеттүүлүк менен соттошкон эмес. Анткени Ирландиянын чиркөөсүнүн жети епискобу катышкан ал сотто Эмлинге өзүн коргоп сүйлөөгө жол берилген эмес. Андан сырткары, беделдүү юрист Ричард Ливенс ага сөзсүз жазалана турганын айткан.  Соттун аягында болсо Ирландиянын башкы соту Ричард Пайн сот арачыларына ал жерде «епископтор отурганын» эскерткен. Ал ошентип айтуу менен, кыязы, сот арачылары алардан күтүлгөндөй чечим чыгарышпаса, жазасыз калбай турганын айтып коркутса керек.

«Мен [Кудай жөнүндөгү] чындык үчүн жана ал даңкталышы үчүн азап тартып жатам». Томас Эмлин

Сот Эмлинди күнөөлүү деп тапканда, Эмлиндин жактоочусу ага көз карашынан баш тартууну кеңеш кылган. Бирок ал макул болгон эмес. Натыйжада айып пул төлөшү керек жана бир жыл камакта отурушу керек деген чечим чыгарылган. Айып пулду төлөй албагандыктан Эмлинге, анын досу бийликтегилерди айып пулду азайтууга көндүргүчө, түрмөдө эки жыл отурууга туура келген. Ал 1705-жылы 21-июлда бошотулган. Макаланын башындагы: «Мен [Кудай жөнүндөгү] чындык үчүн жана ал даңкталышы үчүн азап тартып жатам»,— деген сөздөрдү Эмлин ошентип кордук көргөндөн кийин айткан.

Эркиндикке чыккан соң Эмлин Лондонго көчүп кеткен. Ал жактан ал бир учурда Ыйык Китептеги чындыкты ачыкка чыгарып жазганы үчүн элден обочо жашоого өкүм чыгарылган Уильям Уистон деген окумуштуу менен байланышкан. Уистон Эмлинди абдан сыйлаган. Ал аны «алгачкы христианчылыктын биринчи жана эң көрүнүктүү жактоочусу» деп атаган.

ҮЧИЛТИК ОКУУСУН ЧЕТКЕ КАККАНЫНЫН СЕБЕБИ

Бир эмгекке ылайык, Эмлин, Уильям Уистон жана белгилүү окумуштуу Исаак Ньютон сыяктуу эле, Ыйык Китеп Кудайды Үчилтик деп окутпай турганын түшүнгөн («Athanasian Creed»). Ал: «Ыйык Китепти кылдат изилдеп, терең ой жүгүрткөндөн кийин... Үчилтикке байланыштуу оюмду өзгөртүүнү чечтим»,— деп түшүндүргөн. Анан сөзүн жыйынтыктап: «Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы гана — жападан жалгыз Эң Жогорку Кудай»,— деген.

Ал эмненин негизинде мындай бүтүм чыгарган? Эмлин Иса менен анын Атасынын ортосундагы айырмачылыкты баса белгилеген көптөгөн аяттарды тапкан. Алардын айрымдарына көңүл бурсаңар (Эмлиндин сөздөрү жантайынкы арип менен жазылды):

  •  Жакан 17:3. «Машаяктын Кудай экени же Эң жогорку Кудай экени, же жалгыз Кудай экени эч жерде айтылбайт». Анын Атасы гана «жалгыз чыныгы Кудай» деп аталат.

  •  Жакан 5:30. «Уулу өзүнүн эркин эмес, Атасынын эркин аткарган».

  •  Жакан 5:26. «Ага өмүрдү Атасы берген».

  •  Эфестиктер 1:3. «Иса Машаяктын көбүнчө Кудайдын Уулу деп аталары чын. Бирок анын Атасы Мырзабыз Иса Машаяктын Атасы деп аталганы менен, Кудайдын Атасы деп аталганын эч жерден кезиктирбейбиз».

Бардык далилдерди карап чыккандан кийин Эмлин: «Ыйык Жазмада Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун бир экени же алардын бирөөнү эле билдирери так-даана айтылган бир да аят жок»,— деп ишенимдүү түрдө айткан.

АНДАН КАНДАЙ ҮЛГҮ АЛСАК БОЛОТ?

Бүгүнкү күндө көптөр Ыйык Китепте жазылган чындыкты жактагандан коркушат. Эмлин болсо чындык үчүн күрөшүүгө даяр болгон. Ал: «Эгер адам Ыйык Жазмада так-даана жазылган маанилүү чындыктарды жактай албаса, анда ага аны окуп-изилдөөнүн эмне кереги бар?» — деген көз карашта болгон. Эмлин чындык дегенде бир да кадам артка чегинген эмес.

Эмлиндин жана башкалардын үлгүсү бизге эч кандай каршылыкка карабай чындык үчүн күрөшкөнгө ынтызарбызбы, же жокпу, ойлонуп көргөнгө түрткү берет. Биз да: «Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, алардын алдында аброй күтүү маанилүүбү же Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга бекем карманганыбыз маанилүүбү?» — деп ой жүгүртүп көрсөк болот.