Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Эмне үчүн Кудайдан тиленишибиз керек?

Жахаба Кудай биздин ага эркин кайрылып, жүрөгүбүздү өйүгөн нерселерди айтып турушубузду каалайт (Лука 18:1—7). Ал биздин камыбызды ойлогондуктан айткандарыбызды сөзсүз угат. Жараткан Кудайыбыз биздин андан тиленип турушубузду өзү каалап жатса, ага кайрылбаганыбыз акылсыздык болуп калмак. (Окугула: Филипиликтер 4:6.)

Бирок тиленүү тек гана Кудайдан жардам суроонун жолу эмес, тиленүү бизге ага жакындаганга жардам берет (Забур 8:3, 4). Эгер жүрөгүбүздөгүнү төгүп дайыма айтып турсак, аны менен ынак мамиледе боло алабыз. (Окугула: Жакып 4:8.)

Кантип тиленишибиз керек?

Кудай биздин ага кайрылганда көркөмдөп сүйлөшүбүздү же жаттап алган сөздөрдү кайталап айта беришибизди каалабайт. Ошондой эле ал үчүн кандай абалда туруп кайрылганыбыз маанилүү эмес. Жахаба Кудай биздин чын жүрөктөн тиленишибизди каалайт (Матай 6:7). Мисалы, байыркы учурда Ысрайылда жашаган Анна деген бир аял Кудайга үй-бүлөсүндөгү көйгөйдү айтып кайрылган. Кийинчерээк кайгы-капасы кубанычка айланганда, ал Кудайга ыраазычылыгын билдирген. (Окугула: 1 Шемуел 1:10, 12, 13, 26, 27; 2:1.)

Жаратканыбызга эркин кайрыла алганыбыз кандай гана чоң сыймык! Биз ага бизди тынчсыздандырган нерселердин баарын айтсак болот. Ошондой эле аны даңктап-даңазалап, кылган жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирсек болот. Ушундай баа жеткис мүмкүнчүлүктү баалабай койбошубуз керек. (Окугула: Забур 145:14—16.)