Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨМҮР БАЯН

Кудайга кызмат кылып, жашоом маңызга толду

Кудайга кызмат кылып, жашоом маңызга толду

Мен кичинемден эле расалык касташуудан жапа чегип, өзүмдүн чечкинсиздигимден, тартынчаактыгымдан кыйналып келгем. Ыйык Китеп жардам берет деп үмүттөнүп, аны жакшыраак түшүнүш үчүн католик чиркөөсүнө баргам. Бирок эч майнап чыкпагандыктан, спортко кызыгып кеткем.

Ошентип, гимнастика, бодибилдинг менен машыга баштадым. Кийин Калифорниядагы Сан-Леандродо (АКШ) фитнес клуб ачтым. Клубга бодибилдинг менен машыккандар келчү, алардын бири Америка боюнча өткөрүлгөн бодибилдинг таймашынан биринчиликти алган. Мен булчуңдарымды чыгарып, сымбаттуу боло алдым, бирок жан дүйнөмдөгү боштук толгон жок.

ИЗДЕГЕНИМДИ ТАПТЫМ

Клубдагы Ыйык Китепке аябай кызыгарымды билген бир досум мага бирөө менен жолугуп сүйлөшүүнү сунуш кылып калды. Эртеси эртең менен Жахабанын Күбөлөрүнүн бири үйүмө келди. Биз төрт саат сүйлөштүк, ал суроолорумдун баарына Ыйык Китептен окуп жооп берип жатты. Мен андан кечинде да келишин өтүндүм. Ал келгенде талкуубузду түн ортосуна чейин уланттык. Уккандарым аябай таасир этип, анын башкаларга Кудай жөнүндө кантип айтарын көрүш үчүн эртеси аны менен бармай болдум. Аны менен жүргөндө элдин суроолоруна Ыйык Китептен окуп жооп бергенине аябай таң калдым. Анан мен да ага окшоп Кудайга кызмат кылгым келди.

Ошентип, бизнесимди сатып, ал пионер (убактысын толугу менен Кудайга кызмат кылууга жумшаган Жахабанын Күбөсү) менен бирге башкаларга Ыйык Китептеги кабарды айта баштадым. Экөөбүз айына 100 саат, кээде андан да көп кабар айтып жүрдүк. 1948-жылдын май айында Сан-Францискодогу (Калифорния) «Кау Палас» деген стадиондо өткөн жыйында чөмүлдүм. Кийинчерээк мен да пионер болдум.

Ошол кезде башка Жахабанын Күбөлөрүнөн апама да барышын сурандым. Апам алардын айткандарын жакшы кабыл алып, кийин Жахабанын Күбөсү болду. Үй-бүлөдөгү каршылыктарга карабай, апам өмүрүнүн аягына чейин Кудайга кызмат кылды. Биздин үй-бүлөдөн экөөбүздөн башка эч ким Жахабанын Күбөсү болгон жок.

БОЛОЧОК ЖУБАЙЫМА ЖОЛУГУШУМ

1950-жылы Колорадодогу Гранд-Жанкшенге көчүп барып, болочок жубайыма, Биллиге, кезиктим. Ал 1928-жылкы болчу, анын бала чагы Улуу Депрессия (дүйнөлүк кризис) маалында өтүптүр. Кайненем Мине ага кичине кезинде күн сайын керосин чырактын бүлбүлдөгөн жарыгына Ыйык Китеп окуп берчү экен. Билли 4 жашында эле окуганды үйрөнүп алыптыр жана Ыйык Китептеги окуялардын айрымдарын жатка билчү экен. Ал эми 1940-жылдардын аяк ченинде кайненем Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, «тозок» деп которулган сөз өлгөндөр кыйнала турган жайды эмес, өлгөндөрдүн жалпы мүрзөсүн билдирерин түшүнүптүр (Насаатчы 9:5, 10). Ошентип, кайненем да, кайнатам да Жахабанын Күбөсү болуптур.

Билли 1949-жылы Бостондогу коллежди бүтүрүп келгенден кийин Ыйык Китепти дит коюп  изилдей баштаптыр. Ошондон кийин мугалим болууну эмес, Кудайга кызмат кылууну чечиптир. 1950-жылы болсо Нью-Йорктогу Янки стадионунда өткөн Жахабанын Күбөлөрүнүн эл аралык жыйынында чөмүлүптүр. Ошондон көп өтпөй экөөбүз таанышып калдык. Анан баш кошуп, Кудайга чогуу кызмат кыла баштадык.

Экөөбүз Орегон штатындагы Южин шаарында кызмат кылып, көптөр менен ынак дос болуп калдык. 1953-жылы Грантс-Пасстагы Жахабанын Күбөлөрүнөн турган чакан жыйналышка жардам бериш үчүн ал жакка көчүп бардык. Ошол эле жылы Нью-Йорк шаарынан түндүк-батышты көздөй 400 километрдей аралыкта жайгашкан Саут-Лансингге (Нью-Йорк штаты) жакын жердеги Жахабанын Күбөлөрү уюштурган, миссионерлерди даярдай турган Гилат мектебинин 23-классына чакырылдык.

БРАЗИЛИЯГА ЖӨНӨШҮБҮЗ

Гилат мектебин бүтүргөнүбүздөн 5 ай өткөндөн кийин, 1954-жылы декабрда, учак менен Бразилияга бет алдык. Бир сааттан кийин учактын бир кыймылдаткычы иштебей калды, бирок, бактыга жараша, Бермуда аралдарына аман-эсен кондук. Кубага жеткенде да шашылыш түрдө конууга туура келди, ошентип, 36 саат өткөндөн кийин гана Рио-де-Жанейродогу Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына жеттик.

Баурудагы биринчи жолу ижарага алынган, сыртындагы жазуусун мен жазган жыйналыш өткөрүлгөн жер (1955-ж.)

Ал жакта бир аз тургандан кийин жаңы миссионерлер үйүн ачыш үчүн башка эки миссионер менен Бауруга (Сан-Паулу) жөнөдүк. Калкынын саны 50 000ден ашкан ал шаарда бир да Жахабанын Күбөсү жок экен.

Биз үймө-үй кыдырып, Ыйык Китепте жазылгандарды айтып жүрдүк, бирок католик чиркөөсүнүн дин кызматчысы бизге тоскоол кыла баштады. Ал артыбыздан түшүп алып, үй ээлерине бизди укпашы керектигин эскертип жүрдү. Ошого карабай бир нече жумадан кийин эле бир чоң үй-бүлө биз менен Ыйык Китепти изилдеп, көп өтпөй баары чөмүлүштү. Кийинчерээк башкалар да изилдей башташты.

Ошол үй-бүлөнүн туугандарынын бири белгилүү бир коомдун жетекчиси экен. Мен жыйынды ал коомдун имаратына өткөрүүнү макулдашып койгом. Бирок жергиликтүү дин кызматчы аларга келишимди бузууга кысым көрсөтүптүр. Ошондо коомдун жетекчиси коомдун мүчөлөрү менен жолугуп: «Келишимди бузсаңар, мен кетем»,— деп айтыптыр. Ошентип, жыйын өткөрүлмөкчү болду.

1956-жылы Сантус шаарында (Сан-Паулу) өткөрүлгөн облустук жыйынга бардык. Жыйынга биздин жыйналыштан поезд менен 40ка жакын киши барды. Бауруга кайтып келсек, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылууга дайындоо алганымды билдирген кат келиптир. Ошентип, Бразилияда кыдыруучу көзөмөлчү болуп 25 жылга жакын кызмат кылып, өлкөнүн көп жерин кыдырдык.

Бир жылда эле Бауруда Ыйык Китептеги кабарды ынталуу жарлагандардан турган топ түзүлгөн

АЛ ЖАКТАГЫ КЫЗМАТЫБЫЗ

Ал кезде жол жүрүү аябай кооптуу болчу. Биз өлкөнү эмне менен гана кыдырган жокпуз: автобус, поезд, автофургон, велосипед менен да кыдырдык, жөө да жүрдүк. Кызматыбыздын башында барган шаарлардын бири Жау шаары (Сан-Паулу) болду. Ал жактын дин кызматчысы бизге:

«Менин койлорумду үгүттөгөнгө акыңар жок!» — деп ачууланды.

Биз ага: «Алар — сиздин эмес, Кудайдын койлору»,— деп жооп бердик.

Ыйык Китептеги жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча кантип таратып жатканыбызды көрсөтүш үчүн элге «Жаңы дүйнө коому иш-аракетте» деген кинотасманы көрсөтүүнү чечтик, бирок дин кызматчы бизге кол салыш үчүн атайын топ уюштуруптур. Ал тууралуу дароо полиция кызматкерлерине билдирдик. Дин кызматчы менен чиркөөгө баргандардан турган жаалдуу топ кинотасма коюлган жерге келишкенде, аларды тапанча менен куралданган полиция кызматкерлери тосуп алышты. Ошентип, тасманы көп эл көрүп кетти.

 Ошол учурда биз барган жердин баарында Жахабанын Күбөлөрүн жек көрүп, каршы чыккандар көп болчу. Блуменауга жакын жердеги Брускиге (Санта-Катарина штаты) барганыбызда катуу каршылыктарга карабай пионер болуп кызмат кылып жаткан эки ишенимдешибизге жолуктук. Алардын туруктуулугунун акыбети кайтты. Азыр, ошондон 50 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин, ал жакта дүркүрөп өсүп жаткан 60тан ашуун жыйналыш бар. Жакыныраак жайгашкан Итажаи шаарында болсо кооз жыйындар залы курулган.

Ишенимдештерибиз менен бирге чоң жыйындарга даярдык көрүү кызматыбыздагы эң жагымдуу учурлардын бири болчу. 1970-жылдары Морумби стадионунда өткөн жыйындын көзөмөлчүсү болуп дайындалдым. Жыйын башталганга чейин түндө стадионду тазалаш үчүн ар бир жыйналыш он кишиден жиберишин суранып, жакыныраак аймактагы жүзгө жакын жыйналышка кайрылдым.

Ошол түнү шыпыргысы менен пол жуугучтарын көтөрүп алып стадионду тазалаганы келген эже-карындаштарыбызды көрүп: «Ушулар стадиондун баарын кантип тазалап бүтмөк эле»,— деп шылдыңдаган футболчулар болуптур. Бирок стадион түн ортосуна чейин эле тазаланып бүтүп калды. Ошондо стадиондун жетекчиси: «Менин жумушчуларым бир жумада араң тазалап бүтмөк, силер бир нече саатта эле тазалап койдуңар го»,— деп таң калган.

КОШМО ШТАТТАРГА КАЙТЫП КЕЛИШИБИЗ

1980-жылы атам каза болуп калды. Ошондон көп өтпөй Фримонтто (Калифорния) жашаган апама кам көрүш үчүн Кошмо Штаттарга кайтып келдик. Биз имараттарды кечкисин жууп-тазалай турган жумушка орношуп, пионердик кызматыбызды уланта бердик, ошондой эле ал жакта жашаган португалдарга да кабар айтып жүрдүк. Кийинчерээк Сакраментодон тартып Бейкерсфилдге чейинки аймакта жашаган португал тилинде сүйлөгөндөрдү табыш үчүн Сан-Хоакин өрөөнүнө жакын жерге көчүп бардык. Азыр Калифорнияда португал тилинде өткөрүлгөн 10 чакты жыйналыш бар.

1995-жылы апам көз жумгандан кийин, Флоридага көчүп барып, кайнатамды көзү өткүчө карадык. Кайненем болсо 1975-жылы эле каза болуп калган. 2000-жылы Колорадонун түштүк-батышындагы чөлдүү аймакка көчүп кеттик. Ал жактан убактыбыздын көбүн Американын жергиликтүү калкына, навахо менен юта элине, кабар айтууга жумшадык. Бирок 2014-жылдын февраль айында жубайым Биллиден айрылып калдым.

Азыр мындан 65 жыл мурунку учурду эстеп, көптөгөн суроолорума Ыйык Китептин негизинде жооп берген Жахабанын Күбөсүнө жолукканыма кубанам. Өзгөчө, Ыйык Китепте чын эле ал айткандай жазылган-жазылбаганын текшерип көргөнүм жакшы болуптур деп ойлойм. Анткени ошонун аркасында Кудайга кызмат кылып, жашоом маңызга толду.