Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ШАЙТАН ЧЫН ЭЛЕ БАРБЫ?

Шайтан чын эле барбы?

Шайтан чын эле барбы?

Шайтанды бузулган периште катары сүрөттөгөн айкел (Мадрид, Испания)

«Бала кезимде апамдын тилин албай койгондо: „Азыр Шайтан келип, сени алып кетет!“ — деп коркутчу. Мен болсо: „Келсе келе берсин!“ — деп койчумун. Мен Кудайга ишенчүмүн, бирок Шайтандын бар экенине ишенчү эмесмин» (РОГЕЛИО, ЭЛЬ-САЛЬВАДОР).

Силер Шайтандын бар экенине ишенесиңерби? Төмөндө айтылгандардын кайсынысы силерге акылга сыярлыктай сезилет?

  • Шайтан жок. Шайтан деп жөн гана жамандыкты айтып коюшат.

  • Шайтан бар. Бирок анын адамдар менен иши деле жок.

  • Шайтан — адамзатка зор таасир эткен көзгө көрүнбөгөн күчтүү рух.

Бул айтылгандардын ар бирине миллиондогон адамдар кошулушу мүмкүн. Булардын кайсынысы туура экенин билүү маанилүүбү? Ооба, маанилүү. Анткени Шайтан жок болсо, анын бар экенине ишенгендер жаңылган болот. Эгер Шайтан бар болсо, бирок адамдар менен иши деле жок болсо, анда андан коркуунун зарылдыгы жок. Ал эми адамдарды бийлеп ала турган амалкөй рух болсо, анда ал көптөр элестеткенден да чоң коркунуч туудурат.

Эмесе, Ыйык Китепте: «Шайтан жөн эле жамандыкты символубу же тирүү бирөөбү? Эгер ал бар болсо, силерге коркунуч туудурабы? Коркунуч туудурса, андан кантип коргонсо болот?» — деген суроолорго кандай жооп берилерин карап көрөлү.