БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР
«Биз JW телеберүүсүн ушунчалык жакшы көрөбүз!»
2014-ЖЫЛДЫН 6-октябрынан тартып Интернет аркылуу JWтелеберүүсү көрсөтүлө баштаган. Ал алгач сынак иретинде англис тилинде чыгарылган *. Рухий жактан бекемдээрлик программадан көбүрөөк бир туугандар пайда алышы үчүн, 2015-жылдын августунан тартып ал 70тен ашуун тилге которула баштады. Дүйнөнүн чар тарабында жашаган көрүүчүлөр телеберүү үчүн абдан ыраазы экенин билдирүүдө. Бирок JWтелеберүүсү ишке кириши үчүн кандай күч-аракеттер жумшалган?
Адегенде ылайыктуу жер керек болгон. Бруклиндеги (Нью-Йорк) Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк
башкы башкармалыгы жайгашкан Колумбия-Хайтс көчөсүндөгү 30-имараттан ойдогудай жер табылган. Бир эле жуманын ичинде ал жер тазаланып, техникалык тейлөө бөлүмү аны телеберүүгө ылайыкташтыра баштаган. Ал эми дизайнер бир туугандар анын заманга төп келгидей, ошол эле учурда уюмдун кадыр-баркын түшүрбөгүдөй болушуна кам көрүшкөн. АКШнын ар кайсы тарабынан келген бир туугандар студияны жасалгалоону жана аны кыска мөөнөттө бүтүрүүнү ойлонуштуруп, бир нече күн көп сааттан иштешкен. Адатта айларга созулчу изилдөө иштери саналуу эле күндө бүтүп, камсыз кылуу бөлүмү тез арада жүздөгөн буюм-тайымга буйрутма берген.Узундугу бир нече километрге жеткен кабелдер орнотулуп, иштин көзүн билген бир туугандар бардык шаймандардын тийиштүү түрдө иштээр-иштебесин текшеришкен. Ал ортодо Патерсондогу аудио-видео студиясында уюмдун оркестри телеберүүнүн негизги музыкасын жаздырган. Ага көптөгөн өлкөлөрдөн келген, музыка жаздырууга дайыма катышып жүргөн бир туугандар жардам берген. Ошондой эле сценарийлер түзүлүп, окуяларды сахналаштыруу үчүн Бруклиндеги, Патерсондогу, Уолкиллдеги жана дүйнөнүн ар кайсы жериндеги аудио-видео студиялары тынымсыз иштеген. Студия курулуп бүтүп, бардык шаймандар орнотулгандан кийин, алгачкы бир нече айдын материалы даярдала баштаган.
Бир адистен ушундай чоңдуктагы студияны курууга адатта канча убакыт талап кылынарын сурашканда, ал бир жарым жыл кетерин айткан. Бирок күжүрмөн бир туугандарыбыз аны эки эле айда бүтүрүп коюшкан!
Ишенимдештерибиздин жумшаган күч-аракети эң сонун жемиш берүүдө! Ар бир айдын биринчи дүйшөмбүсүндө телеберүүнүн жаңы программасы чыгып турат.
Аны ошол айдын ичинде 2 миллиондон ашуун жолу көрүшөт. Ал эми башка тасмалардын баарын кошкондо, телеберүүнү бир айдын ичинде 10 миллиондон ашуун жолу көрүшөт.Жахабанын элине бул жаңы чара кандай таасир этүүдө? Ыраазычылык билдирген көптөгөн бир туугандардын кээ бирлеринин айткандарына токтололу.
«Телеберүүнүн аркасында Жахабанын уюмуна жана Жетектөөчү Кеңешке улам жакын болуп баратам. Мен өзүмдүн күчтүү сүйүү өкүм сүргөн үй-бүлөнүн мүчөсү экенимди билем» (Кения)
-
«Муну жашоомдогу эң кубанычтуу кечтердин бири деп эсептейм! Жубайым экөөбүз бир жолу кечинде JW телеберүүсүнүн 2015-жылдын майдагы программасын көрдүк. Ошондо канчалык кубанганымды сөз менен жеткире албайм. Телеберүү Жахабадан алган эң баалуу белектеримдин бири десем болот. Жетектөөчү Кеңешке жана ушундай сонун рухий чаранын үстүнөн талыкпай эмгектенген бир туугандардын баарына ыраазычылык билдиребиз» (Индонезия).
-
«Мурун көп бир туугандар Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн баяндама айтканын угуп көрүшкөн эмес. Азыр болсо аларды угуп да, көрүп да жатабыз. Жетектөөчү Кеңеш жана дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз менен биримдикте экенибизди буга чейин ушунчалык сезип көргөн эмеспиз» (Кения).
-
«Күйөөм чындык жолунда жүрбөгөндүктөн, эки өспүрүм балам менен сыйынуу кечин өткөрүү оңой эмес. Ошондуктан мен үчүн телеберүүнүн жардамы зор. Аны көрүүнүн аркасында уюмдун мүчөсү экениме ынанам
жана өзүм да, балдарым да күч-кубат алабыз. Бул, чындап эле, Жахабанын батасы» (Британия). -
«Биз JW телеберүүсүн ушунчалык жакшы көрөбүз! Ал башка тилдерге которула баштаганда, тиленүүбүзгө жооп алдык. Силердин Жахабага чын жүрөктөн жана кубаныч менен сыйынып жатканыңарды көрүп, өзгөчө бекемделебиз. Телеберүү ишке киргенден тартып, өзүбүздүн Жахабанын укмуштуудай кереметтүү уюмунун мүчөсү экенибизди көбүрөөк сезүүдөбүз» (Чех Республикасы).
-
«Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн айткандарын өз тилимде угуунун аркасында Жахабага жакындап жатам» (Бразилия).
-
«Жахабага 16 жылдан бери кызмат кылып келатам. Бирок бүгүн мен чөмүлгөн учурумдагыдай башкача кубаныч алдым. JW телеберүүсү үчүн силерге чоң ыракмат, кымбаттуу бир туугандар» (Бразилия).
Жахабанын колдоосу менен JW телеберүүсү бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгыбызга рухий жактан көп пайда алып келип, Жахабанын даңкталып-макталышына өбөлгө түзө берерине бекем ишенебиз.
^ 1-абз. JW телеберүүсүн tv.ps8318.com дареги боюнча табууга болот tv.ps8318.com.