15-БӨЛҮМ
Ыйса жер бетинде адилеттикти орнотот
1, 2. Ыйсанын каарданышына кайсы жагдай себеп болгон жана эмне үчүн?
ЫЙСА абдан каарданып алган. Мунун олуттуу себеби бар эле. Ал абдан момун болгондуктан, сага анын мындай абалда болушун элестетүү, балким, кыйындыр (Матай 21:5). Ал адилеттүү түрдө каардангандыктан, албетте, ал учурда өзүн толук кармай билген *. Бирок тынчтыкты сүйгөн бул адамдын ошондой абалга жетишине эмне себеп болгон? Чексиз адилетсиздик.
2 Иерусалимдеги ийбадаткана Ыйса үчүн абдан кымбат эле. Анткени ал асмандагы Атасына сыйынууга арналган жалгыз ыйык жай болчу. Ал жерде Кудайга сыйынуу үчүн жүйүттөр төгөрөктүн төрт бурчунан келише турган. Ийбадатканада атүгүл Кудайга ишенген бутпарастар үчүн да атайы короо бар болчу. Бирок Ыйса жердеги кызматынын башында ийбадатканага кирип, денебойду дүркүрөткөн көрүнүштүн үстүнөн чыгат. Ал жер сыйынуу жайына эмес эле, базар аянтына окшош болуп калган! Короонун ичи соодагерлер менен акча алмаштыруучуларга жык толгон. Бирок мунун эмнеси адилетсиздик эле? Ал адамдар үчүн Кудайдын үйү оңой акча тапчу жерге айланып калган, алар карапайым элди алдашчу, атүгүл тоношчу. Кандайча? (Жакан 2:14).
3, 4. Айрым адамдар Жахабанын үйүнөн кандайча оңой акча табышчу жана Ыйса буга кандай чара көргөн?
3 Диний жетекчилер ийбадаткана салыгына тыйындардын белгилүү бир түрүн гана кабыл ала турган, ошондуктан аякка баргандарга акчаларын алмаштырууга туура келчү. Акча алмаштыруучулар болсо үстөлдөрүн ийбадаткананын ичине *. Бул кирешелүү соода эле болбостон, барып турган талап-тоноочулукка жаткан.
коюп алып, ар бир алмаштырганы үчүн белгилүү бир суммада акы алышчу. Мал саткандар да көп акча табыша турган. Курмандыкка чалына турган жаныбарды шаардын башка жериндеги соодагерлерден деле сатып алууга болмок, бирок ийбадатканада андай жаныбарды курмандыкка чалууга жаратпай коюшу мүмкүн эле. Ал эми ийбадаткананын аянтынан сатылып алынган жаныбарды сөзсүз жаратыша турган. Адамдарда малды сатып алуудан башка арга жок экенин билген соодагерлер кээде асмандын башын сурашчу«Буларыңарды бул жерден алып кеткиле!»
4 Ыйса мындай адилетсиздикке чыдап туралган эмес. Анткени бул Атасынын үйү болчу да! Ал аркандан камчы жасайт да, ийбадатканадан койлор менен бодо малдын баарын айдап чыгат. Андан кийин акча алмаштыруучуларга келип, үстөлдөрүн көңтөрөт. Тыйындарынын баары мрамор полго шыңгырап чачылганын элестетсең! Ал эми көгүчкөн саткандарга: «Буларыңарды бул жерден алып кеткиле!» — деп катуу буйрук берет (Жакан 2:15, 16). Сыягы, бул эржүрөк адамга эч ким кың дей алган эмес көрүнөт.
«Уулу Атасынын өзү»
5—7. а) Ыйсанын жерге чейинки жашоосу анын адилеттүүлүк сезимине кандай таасир эткен жана андан биз эмнеге үйрөнсөк болот? б) Ыйса Жахабанын эгедерлигине жана ысмына карата жасалган адилетсиздикке каршы кандайча күрөшкөн?
5 Албетте, соодагерлер кайра эле кайтып келишкен. Үч жылдан кийин ушу сыяктуу көрүнүшкө кайра кабылганда Ыйса Жахабанын үйүн «каракчылардын уюгуна» айландыргандарга айткан сөзүн дагы кайталаган (Матай 21:13; Жеремия 7:11). Ийбадатканада арам иштердин кылынышы жана адамдарды алдоо Ыйсада Атасыныкындай сезимдерди туудурган. Бул таң калыштуу деле эмес. Себеби Ыйса асмандагы Атасынан сансыз миллиондогон жылдар бою таалим алып келген. Ошол мезгилдин ичинде ал Атасына таандык адилеттүүлүк сезимин жеткилең түрдө өрчүтө алган. Ыйсаны карап туруп: «Уулу Атасынын өзү»,— деп ишенимдүү түрдө айтууга болот. Ошондуктан анын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында Жахабанын адилеттүүлүк сапатын тереңирээк түшүнө алабыз (Жакан 14:9, 10).
6 Шайтандын Жахаба Кудайды адилетсиз түрдө калпычы кылып көрсөтүп, башкаруусунун адилеттүүлүгүнө шек туудурганына Жахабанын жалгыз өзү жараткан Уулу да күбө болгон. Ал айыптоолор барып турган ушак эле! Кудайдын Уулу кийинчерээк Шайтандын Жахабага эч ким жан-дилинен жана сүйүүсү менен кызмат кылбайт деп ырастаганын да уккан. Мындай жалган айыптоолор анын адил жүрөгүн сыздатканы шексиз. Шайтандын калпын жокко чыгарууда негизги ролду ойноорун билгенде Ыйса кандай гана кубанса керек! (2 Корунттуктарга 1:20). Ал эмне кылышы керек эле?
7 Бул китептин 14-бөлүмүнөн билгенибиздей, Шайтандын Жахабанын жаратууларынын актыгына байланыштуу айыптоосуна Ыйса Машайак чечүүчү жооп кайтарган. Ошонусу менен ал Жахабанын эгедерлигинин биротоло акталышына жана ысмынын ыйыкталышына негиз салган. Ыйса Жахаба дайындаган Башчы катары Кудайдын адилеттүүлүгүн бүт Ааламда орнотот (Элчилер 5:31). Ал жерде жашап жүргөндө да Кудайдын адилеттүүлүгүн чагылдырган. Жахаба ал жөнүндө: «Мен ага өзүмдүн рухумду коём жана ал элдерге адилеттүүлүк эмне экенин түшүндүрөт»,— деп айткан (Матай 12:18, «ЖД»). Ыйса бул сөздөрдү кандайча аткарган?
Ыйса «адилеттүүлүк эмне экенин түшүндүрөт»
8—10. а) Жүйүт диний жетекчилер чыгарган эрежелер эврей эместерге жана аялдарга жек көрүү менен мамиле кылынышына кандайча өбөлгө түзгөн? б) Оозеки мыйзамдар Жахабанын ишемби күн тууралуу мыйзамын кандайча оор түйшүккө айландырган?
8 Ыйса Жахабанын Мыйзамын сүйгөн жана ага ылайык жашаган. Ал эми анын күндөрүндөгү диний жетекчилер Мыйзамды Матай 23:23). Ооба, Кудайдын мыйзамын окуткан ал адамдар элге «адилеттүүлүк» эмне экенин түшүндүрүшкөн эмес, тескерисинче, Кудайдын адилеттүүлүгүнүн чыныгы маанисин бурмалап салышкан. Кандайча? Бир нече мисал карап көрөлү.
бурмалап, туура эмес түшүндүрүшчү. Ыйса аларга: «Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер... мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар»,— деп айткан (9 Жахаба элине тегерегиндеги бутпарас элдерден оолак болууну буюрган (1 Падышалар 11:1, 2). Бирок фанат диний жетекчилер элди эврей эместердин баарын жек көрүүгө үндөшкөн. Мишнада атүгүл: «Бутпарастар мал менен жынысташат деп шек саналгандыктан, алардын мейманканасынын короосуна бодо мал калтырууга болбойт»,— деген мыйзам бар болчу. Эврей эместердин баарына жасалган мындай бейкалыс мамиле адилетсиздикке жаткан жана Мусанын мыйзамынын рухун чагылдырган эмес (Лебилер 19:34). Адамдар чыгарган дагы башка эрежелер аялдарды басынткан. Мисалы, оозеки мыйзамда аялы күйөөсү менен чогуу эмес, артында басышы керектиги айтылган. Эркекке элдин көзүнчө аял киши менен, атүгүл өзүнүн жубайы менен да сүйлөшүүгө тыюу салынган. Ошондой эле кулдар менен аялдарга сотто көрсөтүү берүүгө жол берилчү эмес. Атүгүл эркек киши аял болуп төрөлбөгөнү үчүн Кудайга ыраазычылыгын билдирген өзгөчө тиленүү да бар болчу.
10 Диний жетекчилер Кудайдын мыйзамын өздөрү ойлоп чыгарган көптөгөн эрежелер жана салттар менен жаап салышкан. Мисалга ишемби күн тууралуу мыйзамды алып көрөлү. Мыйзам Кудайга сыйынууга убакыт бөлүү, рухий жактан сергүү жана эс алуу максатында гана ишемби күнү жумуш кылууга тыюу салган. Бирок фарисейлер аны оор түйшүккө айландырып салышкан. «Ишке» эмнелер кирерин өздөрү чече башташкан. Алардын ою боюнча, жумуш кылууга түшүм жыйноо жана аңчылык кылуу сыяктуу 39 иш-аракет кирген. Мунун натыйжасында көптөгөн суроолор туулган. Эгер адам ишембиде бит өлтүрсө, аңчылык кылган болуп эсептелет беле? Эгер ал эгин талаасында кетип баратып бир аз өзөк жалгап алыш үчүн кош ууч дан терип жесе, түшүм жыйнаганга
жатат беле? Оорулууну дарылоо жумуш кылганга тете болобу? Ушу сыяктуу суроолордун жооптору катуу эрежелердин тизмеси менен коштолгон.11, 12. Фарисейлердин Жазмага негизделбеген каада-салттарына болгон мамилесин Ыйса кантип билдирген?
11 Ыйса ушундай чөйрөдө адамдарга адилеттүүлүк эмне экенин кантип түшүндүрө алат эле? Ал өзүнүн окутуулары жана жашоосу менен ошол диний жетекчилерге эржүрөктүк менен каршы турган. Алгач анын айрым окутууларын карап чыгалы. Ыйса адамдар чыгарган сансыз эрежелердин натууралыгын ашкерелеп: «[Силер] өзүңөр кармаган салтыңар менен Кудайдын сөзүн четке кагып жатасыңар»,— деген (Марк 7:13).
12 Ыйса фарисейлердин ишемби күн жөнүндөгү мыйзам боюнча түшүнүктөрү такыр туура эмес экенин айкын көрсөткөн; алар мыйзамдын түпкү маңызын түшүнүшкөн эмес. Ыйса түшүндүргөндөй, Мессия — «ишемби күндүн да кожоюну», ошондуктан анын адамдарды ишембиде айыктырууга укугу бар болчу (Матай 12:8). Муну баса көрсөтүү үчүн ал ишемби күнү адамдарды керемет жолу менен айыктырган (Лука 6:7—10). Ал кереметтери Миң жылдык башкаруусунда бардык адамдарга бере турган баталарынын прообразы болгон. Ошол убак Кудайга берилген адамдардын бардыгы кылымдар бою эзилип келген оор эмгегинен — күнөө менен өлүмдүн түйшүгү алдындагы эмгектен — биротоло бошоно турган улуу ишемби болот.
13. Ыйса жердеги жашоосун аяктаганда кайсы мыйзам күчүнө кирген жана ал Мусанын мыйзамынан эмнеси менен айырмаланган?
13 Ыйса адилеттүүлүк эмне экенин жаңы мыйзам, башкача айтканда, ал жердеги жашоосун аяктагандан кийин күчүнө кирген «Машайактын мыйзамы» аркылуу да түшүндүрүп берген (Галаттыктарга 6:2). Бул жаңы мыйзам Мусанын мыйзамынан, негизинен, көп сандаган жазуу түрүндөгү көрсөтмөлөргө эмес, принциптерге негизделгени менен айырмаланган. Ошону менен бирге, анда бир нече конкреттүү мыйзам да камтылган. Алардын бирин Ыйса «жаңы осуят» деп атап, жолдоочуларын, өзү аларды кандай сүйсө, бири-бирин ошондой сүйүүгө үйрөткөн (Жакан 13:34, 35). Ооба, жанаябастык сүйүү «Машайактын мыйзамы» боюнча жашагандарды айырмалап туруучу белги болуп калышы керек эле.
Адилеттүүлүктүн мыкты үлгүсү
14, 15. Ыйса бийлигинин чектелүү экенин кантип көрсөткөн жана эмне себептен бул бизди сооротот?
14 Ыйса сүйүү көрсөтүү маанилүү экенин айтып эле койгон эмес. Ал «Машайактын мыйзамы» боюнча жашаган. Ыйсанын кайсы үч жол менен адилеттүүлүк эмне экенин көрсөткөнүн карап көрөлү.
15 Биринчиден, Ыйса адилетсиздиктин бардык түрүнөн алыс болууга тырышчаактык менен аракет кылчу. Адилетсиздиктин көбүнчө жеткилең эмес адамдар текеберденип, бийлиги жол берген укуктардын чегинен чыга баштаганда пайда болорун байкаган чыгарсың. Бирок Ыйса эч качан анткен эмес. Бир жолу ага бир киши келип: «Устат, агама айтчы, ал мурасты мени менен бөлүшсүн»,— деп суранат. Ыйса эмне деп жооп берген? «Эй, адам! Ким Мени силерге сот же мурас бөлүштүрүүчү кылып койду эле?» — деп айткан ал (Лука 12:13, 14). Эске аларлык сабак эмеспи? Акылы, кыраакылыгы жана Кудайдан алган бийлиги менен адамдардын баарынан жогору турса да Ыйса ал ишке кийлигишүүдөн качкан, анткени мындай суроолорду чечүүгө дайындалбаганын билчү. Ал ар дайым атүгүл жерге келгенге чейин асманда миңдеген жылдар бою жашаган кезинде да момундугу менен айырмаланып турган (Жүйүт 9). Ооба, адилеттүүлүк эмне экенине карата Ыйсанын дайыма момундук менен Жахабанын көзкарашын жактаганы ал жөнүндө көптү билдирет.
16, 17. а) Ыйса Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабар айтууда адилеттүүлүктү кандайча чагылдырган? б) Ыйса кандайча адилеттүүлүгүн зор ырайымдуулук менен көрсөткөн?
16 Экинчиден, Ыйса Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабарды жарыялоодо да адилеттүүлүк көрсөткөн. Ал беткарамалык кылбастан адамдардын баары менен, алардын кедей же бай экенине карабай, чындыкты бөлүшүүгө жан-дилден умтула турган. Ал эми фарисейлер, тескерисинче, кедей-кембагалдарды ам-хаа́-рец же «жер адамдары» деп жек көрүшүп, таптакыр теңине алышчу эмес. Ыйса мындай адилетсиздикке ачыктан-ачык каршы болчу. Ал эмне иш кылбасын: адамдарга жакшы кабар айтабы, алар менен бирге тамактанабы же аларды азыктандырабы, айыктырабы, атүгүл тирилтеби, * (1 Тиметейге 2:4).
ар дайым «бардык адамдардын» жүрөгүнө таасир этүүнү каалаган Кудайдын адилеттүүлүгүн жактачу17 Үчүнчүдөн, Ыйса адилеттүүлүгүн зор ырайымдуулук менен көрсөтчү. Ал күнөөлүүлөргө жардам берүүдө колунан келгендин баарын кылчу (Матай 9:11—13). Ошондой эле өзүн коргой албагандарга жардамга келүүгө дайым даяр болчу. Ыйса диний жетекчилердин эврей эместердин баарына шектүү караш керек деген оюна кошулган эмес. Ал биринчи кезекте жүйүттөргө жиберилген болсо да, бутпарас адамдардын айрымдарына ырайымдуулук менен жардам берген жана окуткан. Римдик жүзбашы кулун айыктыруусун өтүнгөндө, Ыйса анын өтүнүчүн аткарарын билгизип: «Ысрайыл жеринен да мындай ишенимди таппадым»,— деген (Матай 8:5—13).
18, 19. а) Ыйса аялдарга кандайча урмат көрсөткөн? б) Эржүрөктүк менен адилеттүүлүктүн тыгыз байланышта экенин түшүнүүгө Ыйсанын үлгүсү кандай жардам берет?
18 Мындан сырткары, Ыйса ошо кезде аялдарга карата кеңири тараган көзкараштарды жактаган эмес. Бул жагынан да ал тайманбастык менен адилеттүүлүк көрсөткөн. Мисалы, самариялыктар да башка бутпарастардай эле таза эмес деп эсептелчү. Ошого карабастан Ыйса Шекем шаарына жакын жайгашкан кудуктун жанынан бир самариялык аялга эч кооптонбостон эле кабар айткан. Атүгүл өзүнүн убадаланган Мессия экенин эң биринчи жолу ошол аялга ачык билдирген (Жакан 4:6, 25, 26). Фарисейлер Кудайдын Мыйзамын аялдарга окутууга тыюу салышкан, ал эми Ыйса аларды окутууга көп убактысын жана күчүн жумшаган (Лука 10:38—42). Салт боюнча, аял кишинин көрсөтүүсү ишеничтүү эмес болуп саналса да, Ыйса тирилгенден кийин биринчилерден болуп аялдарга көрүнгөн. Атүгүл алардан бул маанилүү окуя тууралуу башка шакирттерине — эркектерге — билдирүүсүн суранган! (Матай 28:1—10).
19 Ооба, Ыйса адилеттүүлүк эмне экенин адамдарга түшүндүрүп берген. Ал муну атүгүл өмүрүнө коркунуч туулган учурларда да кылган. Анын үлгүсү чыныгы адилеттүүлүктү чагылдыруу үчүн эржүрөктүк талап кылынарын түшүнүүгө жардам берет. Ыйсанын «Жүйүт уруусунан... чыккан Арстан» деп аталганы эң эле орундуу (Аян 5:5). Эржүрөк арстан адилеттүүлүктүн символу экенин эстесеңер. Жакында Ыйса эң чоң адилеттүүлүктү бекитип, «жер үстүндө акыйкаттыкты» толук мааниде орнотот (Ышайа 42:4).
Мессиялык Падыша жер бетинде адилетүүлүктү орнотот
20, 21. Биздин убакта Мессиялык Падыша жер бетинде жана өзүнүн жыйналышында адилеттүүлүктү кандайча орнотууда?
20 Ыйса 1914-жылы Мессиялык Падыша болгондон кийин жер бетинде адилеттүүлүктү орнотууга киришкен. Кандайча? Ал Матай 24:14төгү өзү айткан пайгамбарлыктын аткарылышына кам көрө баштаган. Ыйсанын жолдоочулары бүт жер жүзүндөгү адамдарга Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты окутуп жатышат. Устатына окшоп, алар да беткарамалык кылышпайт жана бардык адамдарды: жаш-карыларды, бай-кедейлерди жана аял-эркектерди адилеттүүлүктүн Кудайы Жахаба менен тааныштырууга аракеттенип, адилеттүүлүк менен иш жүргүзүшүүдө.
21 Ыйса өзү Башчысы болуп дайындалган жыйналышта да адилеттүүлүктү орнотууда. Алдын ала айтылгандай, ал жыйналышта жетекчиликти колго ала турган «адам түрүндөгү белектерди», ишенимдүү аксакалдарды, берди (Эфестиктерге 4:8—12, «ЖД»). Кудайдын кымбат баалуу оторун кайтарууда бул эркектер адилеттүү иш кылуу менен Ыйсаны туураганга умтулушат. Алар Ыйсанын өз койлоруна алардын ээлеген абалына, белгилүүлүгүнө жана материалдык жагдай-шарттарына карабастан, калыс мамиле кылышын каалаарын дайыма эсте сакташат.
22. Дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан адилетсиздикке карата Жахаба кандай сезимде жана ал Уулун эмне кылууга дайындаган?
22 Жакында Ыйса жер бетинде адилеттүүлүктү өзгөчө жол Аян 16:14, 16; 19:11—15).
менен орнотот. Азыркы сатылма дүйнөдө адилетсиздик барган сайын күч алууда. Эгер куралданууга жана көңүл ачуу индустриясына канча акча жана убакыт жумшалып жатканын эске алсак, ачарчылыктан өлүп жаткан ар бир бала кечирилгис адилетсиздиктин жеми болууда. Жыл сайын эч айыбы жок миллиондогон адамдардын өмүрүнүн кыйылып жатышы — Жахабанын адилеттүү каарын туудурган адилетсиздиктин бир гана көрүнүшү. Адилетсиздикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн Жахаба өзүнүн Уулун бул каардуу түзүлүшкө каршы адилеттүү согуш жүргүзүүгө дайындаган (23. Армагедондон кийин Ыйса кандайча адилеттүүлүктү түбөлүккө колдой берет?
23 Бирок Жахабанын адилеттүүлүгү ниети бузук адамдарды жок кылуу менен эле чектелбейт. Ал өзүнүн Уулун «Тынчтыктын Төрөсү» кылып дайындаган. Армагедон согушунан кийин Ыйса бүт жер жүзүнө адилеттүүлүктү орнотуп, элди «адилеттик менен» башкарат (Ышайа 9:6, 7). Адамдарга канчалаган кайгы-капа, азап-тозокторду алып келген адилетсиздиктин баарын Ыйса жер бетинен кандай гана кубаныч менен жок кылат! Анан ал түбөлүккө Жахабанын жеткилең адилеттүүлүгүн берилгендик менен колдой берет. Андыктан адилеттүүлүк көрсөтүү жагынан азыртадан Жахабаны туураганыбыз кандай гана маанилүү! Келгиле, муну кандайча кыла аларыбызды карап көрөлү.
^ абз. 1 Адилеттүү түрдө каардануу жагынан Ыйса ниети бузуктар үчүн «каары менен өтө коркунучтуу» болгон Жахабаны туураган (Накум 1:2). Мисалы, Жахаба анын үйүн «каракчылардын уюгуна айландырган» элине минтип айткан: «Ушул жерге Менин каарым, Менин ачуум төгүлүп жатат» (Жеремия 7:11, 20).
^ абз. 3 Мишнада айтылгандарга ылайык, ошол окуядан бир нече жыл өткөндөн кийин ийбадатканада сатылган көгүчкөндөрдүн баасына карата нааразылык билдирилген. Натыйжада, алардын баасы болжол менен 99 пайызга түшүрүлгөн! Сатуудан түшкөн акчанын көбү кимдин колуна тийчү? Айрым тарыхчылардын ою боюнча, ийбадатканадагы соода ишин башкы ыйык кызмат кылуучу Анастын үйү жетектеген жана ошонун аркасында анын үй-бүлөсүнүн мүлкү көбөйгөн (Жакан 18:13).
^ абз. 16 Фарисейлер Мыйзамды билбеген жөнөкөй адамдарды «каргыш тийгендер» деп эсептешчү (Жакан 7:49). Алар андай адамдарды окутууга, алар менен чогуу иш жүргүзүүгө, атүгүл бирге тамак ичүүгө жана сыйынууга тыюу салышкан. Эгер кимдир бирөө кызын ошондой адамга күйөөгө берсе, бул кызын жапайы жырткычтарга салып бергенден да жаман болмок. Алар кембагалдарды тирилүүгө болгон үмүттөн ажыратылган деп эсептешчү.