Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

CreativeDesignArt/DigitalVision Vectors via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Расалык теңсиздиктин жоюлушу куру кыялбы? Ыйык Китепте эмне делет?

Расалык теңсиздиктин жоюлушу куру кыялбы? Ыйык Китепте эмне делет?

 Расалык теңсиздиктин жоюлушу көптөр үчүн куру кыял болуп келет.

  •   «Расизм уу сымал. Ал уюмдардын, коомдогу топтордун жана карапайым элдин күнүмдүк жашоосун ууландырып келет. Расизм адамдарды бири-бирине адилетсиз мамиле кылганга көкүтүп келе жатат» (Антониу Гутерриш, БУУнун башкы катчысы).

 Расалык теңсиздик качандыр бир убакта жоюлабы? Ыйык Китепте эмне делет?

Кудайдын көз карашы

 Ыйык Китепте Кудайдын ар кандай расадагы адамдарга кандай караары айтылат.

  •   «Бүт жер жүзүндө жашасын деп, ал бир кишиден бардык элдерди жараткан» (Элчилер 17:26).

  •   Кудай «бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (Элчилер 10:34, 35).

 Ыйык Китептен билгенибиздей, бүтүндөй адамзат коому бир үй-бүлөнү түзөт. Ошондой эле Кудайга бардык расадагы адамдар жагат.

Расалык теңсиздик кандайча жоюлат?

 Расалык теңсиздикти Кудайдын Падышалыгы — асмандагы өкмөт — жоёт. Ал өкмөт башкаларга туура мамиле кылганды үйрөтөт. Ошондо баары жүрөгүндө расизмдин тамыры бар болсо, аны толугу менен жулуп салышат.

  •   «Жер тургундары адилдикке үйрөнөт» (Ышая 26:9).

  •   «Чыныгы адилдиктин натыйжасы бейпилдик болот, чыныгы адилдиктин жемиши кылымдар бою тынчтык менен коопсуздук болот» (Ышая 32:17).

 Бүгүнкү күндө миллиондогондор Ыйык Китептен башкалардын кадыр-баркын сыйлап, аларга урмат-сый менен мамиле кылганды үйрөнүп жатышат.