105-ЫР
«Кудай — сүйүү»
-
1. Сүйүүнүн Кудайы үндөйт
Жолун жакшы көрүүгө.
Сүйүү болсо умтулабыз
Жакшы ишке күнүгө.
Бул — жашоонун мыкты жолу.
Ошол жолдон чыкпайбыз.
Ал сүйүү көңүл калтырбайт,
Аны чагылдырабыз.
-
2. Жахаба бизди үйрөтөт
Башкаларды сүйүүгө.
Чалынсак эгер капыстан,
Кудай тургузат өйдө.
Сүйүү таза, эч көз артпайт,
Боорукер, көтөрүмдүү.
Таттуу даамын таталы биз
Өрчүтүп ал сүйүүнү.
-
3. Таарынычка жеңдирбегин,
Сени бийлеп албасын.
Кудайга дароо кайрылгын,
Жардам, жетек аласың.
Жахабаны, жакыныңды
Сүйүүгө үйрөнөсүң.
Аныкындай күчтүү, назик
Сүйүү дайым өрчүткүн.
(Кара: Мр. 12:30, 31; 1 Кор. 12:31—13:8; 1 Жкн. 3:23.)