57-ЫР
Бардык адамдарга кабар айталы
-
1. Үлгү алгыбыз келет Кудайдан,
Тегиз карап бардык адамдарга.
Каалайт ал куткарууну бүт баарын,
Келишин самайт чындык жолуна.
КАЙЫРМА
Жүзү эмес, жүрөгү,
Керек адамдын өзү,
Бөлбөйбүз Кудай сөзүн айтууда.
Таратып жер-жерлерге,
Кабар айтып элдерге,
Үндөйбүз Кудайга дос болууга.
-
2. Улутун жерип, четке какпайбыз,
Карабайбыз адамдын өңүнө.
Кудайыбыз тандайт адамдарды,
Карап алардын жан дүйнөсүнө.
КАЙЫРМА
Жүзү эмес, жүрөгү,
Керек адамдын өзү,
Бөлбөйбүз Кудай сөзүн айтууда.
Таратып жер-жерлерге,
Кабар айтып элдерге,
Үндөйбүз Кудайга дос болууга.
-
3. Дүйнөнүн жолун таштагандарды
Тосуп алат кубанып Жахаба.
Жар салгыбыз келет биз шаттанып,
Жакшы кабарды бүт улуттарга.
КАЙЫРМА
Жүзү эмес, жүрөгү,
Керек адамдын өзү,
Бөлбөйбүз Кудай сөзүн айтууда.
Таратып жер-жерлерге,
Кабар айтып элдерге,
Үндөйбүз Кудайга дос болууга.
(Кара: Жкн. 12:32; Элч. 10:34; 1 Тим. 4:10; Тит 2:11.)