Жакандын 3-каты 1:1—14

  • Саламдашуу жана тиленүү (1—4)

  • Гайга айтылган мактоо сөздөрү (5—8)

  • Өзү жөнүндө жогору ойдо болгон Диотреф (9, 10)

  • Димитирдин жакшы аты (11, 12)

  • Бетме-бет көрүшөбүз деген үмүт; саламдар (13, 14)

1  Аксакалдан сүйүктүү Гайга. Мен сени чындап жакшы көрөм. 2  Сүйүктүү бир тууганым, бардык иштериң азыркыдай эле ойдогудай болуп, ден соолукта болушуң үчүн Кудайдан тиленем. 3  Боордошторубуз келип, сенин баштагыдай эле Кудай жөнүндөгү чындыкка — туура окууларга — бек карманып, чындык боюнча жашап жатканыңды* айтып беришкенде, аябай сүйүндүм.+ 4  Мен үчүн балдарымдын чындык боюнча жашап жатканын уккандан өткөн кубаныч жок*.+ 5  Сүйүктүү бир тууганым, сен өзүң тааныбаган боордошторубузга жардам берип, Кудайга болгон берилгендигиңди көрсөтүп жатасың.+ 6  Алар сүйүүң жөнүндө жыйналыштагылардын алдында айтып беришти. Кетеринде ал бир туугандарыбызды Кудайга жаккыдай кылып узатышыңды* суранам.+ 7  Себеби алар Кудайдын ысмын жарыялаш үчүн жүрүшөт, башка элдерден* эч нерсе алышкан эмес.+ 8  Ошондуктан меймандос болуп, андай боордошторубузду жылуу тосуп алганга милдеттүүбүз.+ Ошондо алар менен чындыкты чогуу жарыялаган кызматташтардан болобуз.+ 9  Жыйналышыңардагыларга айрым нерселерди жазган элем, бирок алардын арасында биринчи болгонду жакшы көргөн Диотреф+ бизди тоготпой, айткандарыбызды кабыл албай жатат.+ 10  Ошондуктан, эгер барсам, кылып жаткан иштерин, тактап айтканда, биз жөнүндө жаман сөздөрдү таратып жүргөнүн ашкерелейм.+ Анысы аз келгенсип, бир туугандарыбызды урмат-сый менен кабыл албай жатыптыр,+ ал эми кабыл алгысы келгендерге тоскоолдук кылып, аларды жыйналыштан чыгарганга аракет кылып жатыптыр. 11  Сүйүктүү бир тууганым, жамандык кылгандан эмес, жакшылык кылгандан үлгү ал.+ Жакшылык кылган киши Кудай тарапта,+ жамандык кылган киши болсо Кудайды таанып-билген эмес.+ 12  Димитирди болсо баары мактап жатышат. Алардын айткандары чын экенин өзү да туура окууларга ылайык жашаганы менен көрсөтүп жатат. Муну биз да ырастайбыз, ал эми биздин айткандарыбыз чын экенин өзүң билесиң. 13  Сага дагы көп нерсе айткым келет, бирок анын баарын сыя калем менен жазгым келген жок. 14  Сени жакында көрөм деп үмүттөнөм. Ошондо бетме-бет сүйлөшөбүз. Сак-саламатта бол!* Бул жактагы достор сага салам айтып жатышат. Сен да менден ал жактагы достордун ар бирине салам айтып кой.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чындыкта жүргөнүңдү».
Же балким: «Мен үчүн ыраазы болгонго балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн уккандан өткөн себеп жок».
Сыягы, бул аларды жолго керектүү нерселер менен камсыз кылууну да билдирген.
Б. а. Машаякка ишенбегендерден.
Сөзмө-сөз: «Сага тынчтык болсун!»