Жезекиел 38:1—23
38 Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди:
2 «Адам уулу, Магок жеринен чыккан Гокко — Мешех менен Тубалдын+ башкы башчысына* — жүзүңдү бур, пайгамбарлык кылып, ага каршы мындай де:+
3 „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, Гок, Мешех менен Тубалдын башкы башчысы, мен сага каршы чыгам.
4 Сени артка буруп, жаагыңа илмек салам.+ Сени бүт аскерлериң, аттарың, мыкты кийинген чабандестериң, чоң калкан, кичине калкан* көтөргөн, колунда кылыч ойноткон калың аскериң менен алып чыгам.+
5 Сенин аскериң менен кошо кичине калкан көтөрүп, туулга кийген Персиянын, Эфиопиянын, Путтун+ да аскери чыгат.
6 Сага Гомер менен анын бүт аскерлери, түндүктөгү эң алыскы жерлерден чыккан Тогарманын+ урпактары менен алардын бүт аскерлери, көптөгөн элдер кошулат.+
7 Өзүң да, жаныңа чогулган аскерлериң да даяр болгула, аларды сен баштап келесиң.
8 Бир топ күндөн кийин сага көңүл бурам*. Акыркы жылдары кылычтан жабыркап жакшы болгон элдин — көпкө ээн жаткан Ысрайылдын тоолоруна ар кайсы элдердин арасынан кайтып келген элдин — жерин басып киресиң. Элдердин арасынан кайтып келген ал жердин бүт эли коопсуз жашап жаткан болот.+
9 Сен аларга каршы бардык аскерлериң менен, көптөгөн элдер менен чогуу катуу шамалдай болуп келесиң, жер бетин булуттай болуп каптап каласың”“.
10 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ошол күнү сага ар кандай ойлор келип, кыянаттык кылууну ойлонуштурасың.
11 Сен: “Айылдары коргон менен тосулбаган жерди басып кирем.+ Дубалы да, дарбазалары да, бекиткичтери да жок, тынч, бейкут жашап жаткандарга кол салам”,— дейсиң.
12 Сен аларды талап-тоноп, олжолуу кайтууну ойлойсуң, бир кезде урап жаткан, бирок кайра ар кайсы элдерден кайтып келгендер+ отурукташкан жерге,+ жердин так ортосунда жашап, дүнүйө-мүлк топтоп жаткандарга+ кол салууну көздөйсүң.
13 Шеба+ менен Дедан,+ Таршыштын+ соодагерлери, анын бүт жоокерлери* сага: “Сен көп олжо алыш үчүн кол салганы баратасыңбы? Алтын-күмүштү ташып кетиш үчүн, байлык менен мүлккө, олжого тунуш үчүн кара кол топтодуңбу?” — дейт“.
14 Ошондуктан, адам уулу, алдын ала айтып, Гокко мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл элим бейкут жашап жаткан күнү аны байкабай койбойсуң.+
15 Сен өз жериңен, түндүктөгү эң алыскы жерлерден,+ ат минген көптөгөн элдер, калың топ менен, жер майыштырган аскер менен келесиң.+
16 Ысрайыл элиме каршы жер бетин каптаган булуттай болуп келесиң. Акыркы күндөрү сени өз жериме каршы алып келем.+ Ошондо, оо, Гок, сага кылгандарым аркылуу башка элдердин көз алдында ыйык экенимди көрсөткөнүмдө, алар менин ким экенимди билишет”“.+
17 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен байыркы күндөрү кызматчыларым — Ысрайылдын пайгамбарлары — аркылуу ким жөнүндө айтсам, ошол сен эмессиңби? Алар сени элиме каршы алып келеримди көп жыл мурун алдын ала айтышкан“.
18 „Ошол күнү, Гок Ысрайыл жерин басып кирген күнү,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— каарым кайнайт.+
19 Ачуум шакардай кайнап, каардана сүйлөйм; ошол күнү Ысрайыл жеринде катуу жер титирөө болот.
20 Ошондо деңиздеги балыктар, асмандагы куштар, талаадагы жапайы жаныбарлар, жер бетинде сойлоп жүргөн бүт жандыктар, жер үстүндөгү адамдардын баары менден коркуп титирейт.+ Тоолор менен аскалар кулайт, дубалдардын баары жер менен жексен болот“.
21 „Мен бүт тоолорум боюнча Гокко каршы кылыч жиберем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Алар бири-бирин кылычтап кырат.+
22 Мен аны соттоп*, жугуштуу оору жиберем,+ көп кан төгүлөт; ага да, аскерлерине да, жанындагы көптөгөн элдерге да кара нөшөр менен мөндүр,+ от+ менен күкүрт+ жаадырам.+
23 Мен даңкымды, ыйык экенимди сөзсүз көрсөтөм, көптөгөн элдердин көз алдында өзүмдүн ким экенимди айкын кылам. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“.
Шилтемелер
^ Же: «төрөсүнө».
^ Көбүнчө жаачылар көтөргөн чакан калкан.
^ Же: «сени чакырам».
^ Же: «жалы бар жаш арстандары».
^ Же: «аны менен соттошуп».