Жунус 3:1—10

  • Жунус Жахабанын айтканы боюнча Нинебиге жөнөйт (1—4)

  • Жунустун кабарын уккан нинебиликтер өкүнүшөт (5—9)

  • Кудай Нинебиге алаамат жиберем деген оюнан кайтат (10)

3  Жахаба Жунуска экинчи жолу:+ 2  «Тур, улуу шаар Нинебиге+ барып, айткандарымды жарыяла»,— деди. 3  Жунус Жахабанын айтканына баш ийип,+ Нинебиге+ жөнөдү. Нинеби аябай чоң шаар* эле: баштан-аяк жөө аралап чыкканга 3 күн кетчү. 4  Жунус шаарга барып, эртеден кечке чейин кыдырып: «Кырк күндөн кийин Нинеби кыйратылат»,— деп жарыялап жүрдү. 5  Нинебинин эли ал кабарды угуп, Кудайга ишенип калды.+ Алар орозо жарыялап, улук-кичик дебей баары таар жамынды. 6  Жунус айткан кабар Нинебинин падышасына жеткенде, ал тактысынан туруп, падыша кийимин чечти да, таар жамынып, күлгө отурду*. 7  Анан бүт Нинебиге мындай деп жар салууну буйрук кылды: «Падыша менен беделдүү кишилеринин буйругу мындай: адам да, үй айбанаты да, бодо мал да, майда мал да эч нерсе жебесин. Эч ким эч нерсе жебесин, суу да ичпесин. 8  Эл таар жамынып, үй айбанаттарына да таар жаап, Кудайга катуу жалынып-жалбарсын. Жаман жолун таштап, зордук-зомбулугун токтотсун. 9  Ким билет, балким, чыныгы Кудай алаамат түшүрөм деген оюнан кайтып, кайнаган каарын басса, аман калаттырбыз!» 10  Алардын кылган иш-аракетин, жаман жолунан кайтканын көргөндө+ чыныгы Кудай алаамат жиберем деген оюнан кайтып, жиберген жок.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Кудай үчүн улуу шаар».
Бул кимдир бирөөнүн кайгырып жатканын же кылган күнөөсү үчүн өкүнүп жатканын билдирет.