Забур 2:1—12
2 Эмне үчүн элдер дүрбөлөңгө түшүп,Улуттар ишке ашпас нерсе тууралуу шыбырашып* жатышат?+
2 Жер жүзүнүн падышаларыЖахаба менен анын тандалганына* каршы чыкканга даярданышты,+Башкаруучулар аларга каршы бир кишидей чогулушту*.+
3 Алар: «Келгиле, бизге салган кишендерин чечип ыргытып,Аркандарын үзүп салалы!» — дешет.
4 Бирок асманда тактыда отурган Кудай аларга күлөт,Жахаба аларды шылдыңдайт.
5 Ошол кезде аларга ачуулана сүйлөйт,Каары кайнап, алардын үрөйүн учурат.
6 Ал: «Мен өз падышамды дайындадым,+Ал ыйык тоом Сиондо+ башкарат»,— дейт.
7 Мен Жахабанын чечимин жарыялайм,Ал мага мындай деди: «Сен менин уулумсуң,+Мен бүгүн сага ата болдум.+
8 Менден сурасаң, сага элдерди мураска берем,Бүт жер жүзүн энчиңе берем.+
9 Сен башкарганда аларды темир таягың менен талкалайсың,+Чопо идиштей кылып быркыратасың».+
10 Ошондуктан, падышалар, акылыңарга келгиле,Жер жүзүнүн бийлери, акыл-насаатка* кулак каккыла.
11 Жахабадан коркуп, ага кызмат кылгыла,Аны кастарлап кубангыла.
12 Уулуна урмат көрсөткүлө*,+ болбосо Кудай каарданат,Ошондо жок болосуңар*,+Анткени Кудайдын каары тез кайнайт.
Аны баш паана кылгандардын баары бактылуу!
Шилтемелер
^ Же: «ойлонуп».
^ Же: «кеңешишти».
^ Же: «эскертүүгө».
^ Сөзмө-сөз: «Уулун өпкүлө».
^ Же: «түз жолдон жок болосуңар».