Лебилер 24:1—23

  • Ыйык чатырдагы чырактар үчүн май (1—4)

  • Кудайдын алдына коюлчу нандар (5—9)

  • Кудайдын ысмына тил тийгизген кишини таш бараңга алышат (10—23)

24  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 2  «Чырактар дайыма күйүп турушу үчүн, ысрайыл элине таза зайтун майын алып келип тургула деп буйрук кыл.+ 3  Арун жолугушуу чатырындагы келишим сандыгын тосуп турган көшөгөнүн сырт жагындагы чырактардын Жахабанын алдында кеч киргенден таң атканга чейин күйүп турушуна көз салсын. Бул — өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө. 4  Арун дайыма Жахабанын алдында таза алтындан жасалган чыракпаянын чырактарын+ даярдасын. 5  Эң жакшы ундан ортосу оюк 12 токоч жаса. Ар бирине эки килограммдай ун кетиши керек. 6  Аларды Жахабанын алдындагы таза алтындан жасалган үстөлдүн+ үстүнө алты-алтыдан кылып экиге бөлүп кой.+ 7  Үстү-үстүнө коюлган ал нандардын үстүнө таза ладандан кой. Ал Жахабага арналган өрттөлчү тартуу катары нандардын ордуна тартуу кылынат.+ 8  Дин кызматчы дем алыш сайын Жахабанын алдына ушундай нандарды коюп турсун.+ Бул — ысрайыл эли менен түбөлүккө түзүлгөн келишим. 9  Ал нандар Арун менен анын уулдарыныкы болот.+ Аларды ыйык жерде жешет.+ Анткени алар — Жахабага арналган өрттөлчү тартуулардын ичинен дин кызматчыга таандык абдан ыйык тартуу. Бул — түбөлүккө аткарыш керек болгон көрсөтмө». 10  Мисирлик кишиге турмушка чыккан бир ысрайылдык аялдын уулу+ бир жолу конуштан ысрайылдык бирөө менен мушташа кетти. 11  Ал Кудайдын ысмына тил тийгизип, каргай баштады.+ Ошондо аны Мусага алып барышты.+ Анын энесинин аты Шеломит эле. Ал Дан уруусундагы Дибри деген кишинин кызы болчу. 12  Жахабанын эмне деп чечкени билингенге чейин, анын уулун камап коюшту.+ 13  Жахаба Мусага мындай деди: 14  «Менин ысмымды каргаган адамды конуштун сыртына алып чыккыла. Анын айткандарын уккандардын баары анын башына колдорун коюшсун, анан бүт жамаат аны таш бараңга алсын.+ 15  Ысрайыл элине болсо мындай деп айт: „Ким Кудайын каргаса, күнөөсү үчүн жоопко тартылсын. 16  Жахабанын ысмына тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын.+ Бүт жамаат аны таш бараңга алсын. Араңарда жашаган бөтөн жерлик болобу, ысрайылдык болобу, Кудайдын ысмына тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын. 17  Ким киши өлтүрсө, өлүм жазасына тартылсын.+ 18  Ким бирөөнүн малын уруп өлтүрсө, кунун төлөсүн: малдын ордуна мал берсин. 19  Ким бирөөнүн денесин жабыркатса, анын кылганы өзүнө да кылынышы керек.+ 20  Ага кандай зыян келтирсе, өзүнө да ошондой зыян келтирилсин: сыныкка сынык, көзгө көз, тишке тиш.+ 21  Бирөөнүн малын уруп өлтүргөн адам кунун төлөсүн,+ ал эми киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.+ 22  Силер үчүн да, араңарда жашаган бөтөн жерлик үчүн да+ бир мыйзам болсун. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын“». 23  Муса ушулардын баарын ысрайыл элине айткандан кийин, алар Кудайдын ысмын каргаган адамды конуштун сыртына алып чыгып, таш бараңга алышты.+ Жахаба Мусага кандай айтса, так ошондой кылышты.

Шилтемелер