Мыйзам 32:1—52

  • Мусанын ыры (1—47)

    • Жахаба — Аска (4)

    • Ысрайыл өзүнүн Аскасын унутуп коёт (18)

    • «Өчтү мен алам» (35)

    • «Элдер, анын эли менен бирге кубангыла» (43)

  • Муса Небо тоосунда көз жумары айтылат (48—52)

32  «Кулак сал, асман, мен сүйлөйм. Кулак сал, жер, менин сөзүмө.  2  Акыл-насаатым жамгыр болуп төгүлөт,Сөздөрүм шүүдүрүмдүн тамчыларындай,Көк чөпкө майдалап жааган жамгырдай,Өсүмдүккө жааган нөшөрдөй болот.  3  Анткени Жахабанын ысмын жарыя кылам.+ Кудайыбыздын улуулугун даңазалагыла.+  4  Ал — Аска, анын иштери жеткилең,+Эмне кылбасын, дайыма адилеттүү иш кылат*.+ Ал — ишенимдүү Кудай,+ эч качан адилетсиздик кылбайт,+Ал адил, чынчыл.+  5  Анын эли болсо жаман иш кылды,+Алар анын балдары эмес, буга өздөрү күнөөлүү.+ Алар — бузулган, туура жолдон адашкан муун!+  6  Оо, эси жок, акылсыз эл,+Жахабаны да ушинтесиңби?+ Ал сени жараткан Атаң эмеспи?+ Сени жаратып, эл кылып түптөгөн эмеспи?  7  Байыркы күндөрдү эсте,Өткөн муундардын убагында эмне болгону жөнүндө ойлон. Атаңдан сура, ал сага айтып берет,+Карыяларыңдан сура, сага айтып беришет.  8  Эң Жогорку Кудай элдерге мурас бергенде,+Адамдын уулдарын* чачыратканда,+Ысрайыл элинин санын эске алып,+Элдердин чек араларын белгилеп койгон.+  9  Анткени Жахабанын эли — анын үлүшү,+Жакып — анын энчиси.+ 10  Ал аны ээн талаадан,Улуп-уңшуган үндөр угулган эрме чөлдөн таап алган.+ Ар тараптан коргоп, ага кам көргөн,+Көзүнүн карегиндей сактаган.+ 11  Балапандарына учканды үйрөткөн бүркүттөй болуп,Алардын үстүндө каалгып учат,Канатын жайып, балапандарын кондуруп алат,Канатынын үстүнө көтөрүп жүрөт.+ 12  Жахаба Жакыпты өзү жалгыз жетектеген,+Жанында бөтөн жерликтердин бир да кудайы болгон эмес.+ 13  Ал аны тоолорго алып чыккан,+Талаанын жемиши менен баккан.+ Аны аска-зоодогу бал менен,Аска таштан аккан май менен азыктандырган. 14  Аны бодо малдын майы менен, майда малдын сүтү менен,Семиз койлор менен,Башанда жайылган кочкорлор менен, текелер менен,Буудайдын эң жакшысы менен баккан.+ Ичкенге жүзүмдүн ширесинен жасалган шарап берген. 15  Жешурун* семирип, ээсине баш бербей калды. Семирип, жоонойду, көкүрөгүн май басты.+ Өзүн жараткан Кудайды таштап койду,+Куткарар Аскасын четке какты. 16  Бөтөн жерликтердин кудайларына сыйынып, аны кызгантты,+Жийиркеничтүү иштери менен капалантты.+ 17  Курмандыктарын Кудайга эмес, жиндерге*,+Өзү тааныбаган,Жакында эле пайда болгон жаңы кудайларга,Ата-бабалары билбеген кудайларга багыштап чалды. 18  Сен өзүңө өмүр берген атаңды, Асканы, унутуп койдуң,+Сени жарык дүйнөгө алып келген Кудайды эсиңден чыгардың.+ 19  Жахаба муну көрүп, аларды четке какты,+Анткени уул-кыздары аны капалантты. 20  Ошондуктан ал мындай деди: „Алардан жүзүмдү бурам,+Ошондо алардын эмне болорун көрөм. Анткени алар — бузулган муун,+Берилгендик деген эмне экенин билбеген уулдар.+ 21  Алар жалган кудайларга сыйынып, мени кызгантышты,+Пайдасы жок буркандарга табынып капалантышты.+ Ошондуктан эл деп эсептелбегендер аркылуу алардын намысына тием,+Аларды акылсыз эл аркылуу каардантам.+ 22  Каарым оттой жалындады.+ Анын жалыны көрдүн* түбүнө чейин жетет.+ Жерди түшүмү менен кошо жалмап,Тоолордун пайдубалын да күйгүзүп кетет. 23  Аларга көптөгөн кырсык-каргашаларды жиберем,Жебелеримди аларды көздөй атам. 24  Алар ачкачылыктан алсырашат,+Эти ысыганынан кыйналышат,Чоң кыйроого учурашат.+ Аларга азуулуу жырткычтарды,Топуракта сойлогон уулуу жыландарды* жиберем.+ 25  Сырттагылары кылычтан,Үйдүн ичиндегилери коркунучтан өлөт.+ Алар улан-кыздарынан,Эмчектеги баласы менен ак чач карысынан айрылышат.+ 26  Мен: “Аларды чачыратып,Атын эл арасынан өчүрөм”,— десем деле болмок. 27  Бирок душмандар табалабасын,+Кас тараптагылар туура эмес ойлоп алып:+ “Мунун баарын Жахаба кылган жок,Аларды өз күчүбүз менен жеңдик”,— дебесин дедим.+ 28  Анткени бул эл — акылсыз эл*,Булардын түшүнүгү жок.+ 29  Булар акылдуу болушса кана!+ Анда бул тууралуу ойлонушпайт беле,+Акырында эмне болушарын баамдашпайт беле.+ 30  Аскасы аларды таштап салбаса,+Жахаба аларды душмандарынын колуна салып бербесе,Бир душман 1 000 ысрайылдыкты кубалай алат беле? Экөө 10 000 ысрайылдыкты качыра алат беле?+ 31  Анткени душмандардын аскасы биздин Аскабыздай эмес,+Муну атүгүл алар өздөрү да билишет.+ 32  Ысрайылдын жүзүмү Содомдун жүзүмзарларынан,Амордун талааларынан алынып келген.+ Анын жүзүмү — уу,Мөмөлөрү ачуу.+ 33  Алардын шарабы жыландын уусундай,Чекир жыландын* мүрт кетирген уусундай. 34  Алардын кылгандарынын баары менде сакталып турат,Кампама бекитип, мөөр басып койгом.+ 35  Өчтү мен алам, мен жазалайм.+ Белгиленген убак келгенде, алар тайгаланып жыгылышат,+Анткени алардын башына мүшкүл түшө турган күн,Алар кабыла турган нерселер тездик менен жакындап келатат“. 36  Жахаба элине сот жүргүзөт,+Өзүнүн кызматчыларын аяйт,+Анткени алардын алдан-күчтөн тайганын,Болушар эч кимиси жоктор менен бечаралар гана калганын көрөт. 37  Анан мындай дейт: „Алардын кудайлары кайда?+ Баш маанасы, аскасы кайда? 38  Алардын курмандыктарынын майын жеген,Суюк тартуу катары алып келген шарабын ичкен кудайлары кайда?+ Ошолор келип, жардам беришсин,Жашына турган жай болуп беришсин. 39  Билип алгыла, мен Кудаймын,+Менден башка кудайлар жок.+ Өлтүргөн да, өмүр берген да менмин.+ Ооруткан да,+ айыктырган да менмин,+Менин колумдан эч ким куткара албайт.+ 40  Мен түбөлүктүү Кудаймын,Өзүмдү оозанып ант берем.+ 41  Жалтылдаган кылычымды кайрап,Сот жүргүзгөнгө даярданам,+Душмандарыман өч алам,+Мени жек көргөндөрдүн баарын жазалайм. 42  Жебелеримди канга мас кылам,Кылычымды этке тойгузам,Өлгөндөр менен туткундардын канына,Душмандардын жол башчыларынын башына тойгузам“. 43  Элдер, анын эли менен бирге кубангыла,+Анткени ал кызматчыларынын каны үчүн өч алат,+Душмандарына тиешесин берет,+Өз элинин жерин күнөөдөн арылтат». 44  Муса келип, Нундун уулу Ошуя*+ менен чогуу бул ырдын сөздөрүн элге айтып берди.+ 45  Баарын айтып бергенден кийин Муса аларга: 46  «Мен бүгүн айткан эскертүүлөрдүн баарын жүрөгүңөргө түйүп алгыла да,+ балдарыңарга ушул Мыйзамда айтылгандардын баарын кылдат аткарганды үйрөткүлө.+ 47  Анткени булар курулай сөздөр эмес, булардан өмүрүңөр көз каранды.+ Бул айтылгандарды аткарсаңар, Иордандын аркы өйүзүндөгү ээлегени бараткан жерде узак өмүр сүрөсүңөр»,— деди. 48  Жахаба ошол эле күнү Мусага: 49  «Маап жериндеги Абарымдагы+ Небо тоосуна,+ Жерихонун тушундагы бул тоого, чык. Анан мен ысрайыл элине берип жаткан Канаан жерине көз чаптыр.+ 50  Ошондон кийин Ор тоосунда көз жумган агаң Арунга окшоп, сен да өзүң чыккан ошол тоодо ата-бабаларыңдай эле көз жумасың.+ 51  Анткени силер Зин чөлүндөгү Кадештеги Мериба суусунун+ жанында ысрайыл элинин алдында менин тилимди алган эмессиңер, алардын алдында мени даңктаган* эмессиңер.+ 52  Мен ысрайыл элине берип жаткан ал жерди алыстан эле көрөсүң, бирок ал жакка барбайсың»,+— деди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жолдорунун баары адилет».
Же балким: «Адамзатты».
Мааниси: «чынчыл». Ысрайыл элинин ардактуу наамы.
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.
Же: «сойлоп жүрүүчүлөрдү».
Же балким: «айткан акылды укпаган дүлөй эл».
Кобра.
Жашыянын мурунку аты. Ошаях дегендин кыскартылышы. Мааниси: «Жах куткарган бирөө; Жах куткарган».
Сөзмө-сөз: «ыйыктаган».