Падышалар 1-китеп 1:1—53
1 Дөөтү падышанын жашы өтүп,+ абдан карып калган эле. Аны канча жылуулап жабышпасын, үшүй бергендиктен,
2 кызматчылары ага: «Улуу урматтуу падышабыздын жанында болуп, аны карай турган бир кыз табалы. Улуу урматтуу падышабыз жылынышы үчүн, ал анын койнуна жатсын»,— дешти.
3 Анан бүт Ысрайыл жерин кыдырып, сулуу кыз издей башташты. Акыры, шунемдик+ Абишага+ деген кызды таап, падышага алып келишти.
4 Абишага ай чырайы келишкен абдан сулуу кыз эле. Ал падышанын жанында болуп, аны карап жүрдү. Бирок падыша ага тийген* жок.
5 Ал ортодо Дөөтүнүн Кагыт деген аялы төрөп берген уулу Адония:+ «Мен падыша болом!» — деп боюн көтөрө баштады. Ал өзүнө араба жасатып, атчан жоокерлерди, арабанын алдында чуркап жүргөнгө 50 киши дайындады.+
6 Атасы эч качан аны: «Эмнеге минтип жатасың?» — деп тыйчу эмес*. Адония анын Абышаломдон кийин төрөлгөн уулу болчу. Ал да абдан келишимдүү эле.
7 Зеруянын уулу Жоап менен дин кызматчы Абыятар+ Адонияны колдоп, ага жардам бере башташты, себеби ал алар менен сүйлөшүп алган эле.+
8 Бирок дин кызматчы Садок,+ Жояттын уулу Беная,+ Натан+ пайгамбар, Шимей,+ Рея жана Дөөтүнүн күчтүү, мыкты жоокерлери+ Адонияны колдошкон жок.
9 Бир күнү Адония Эн-Рогелдин жанындагы Зохелет ташынын жанында койлорду, бодо мал менен бордолгон малдарды курмандыкка чалып,+ бүт бир туугандарын, падышанын уулдарынын баарын, ошондой эле падышага кызмат кылган бүт жүйүттөрдү чакырды.
10 Бирок Натан пайгамбарды, Бенаяны, Дөөтүнүн күчтүү, мыкты жоокерлерин жана бир тууганы Сулайманды чакырган жок.
11 Ошондо Натан+ пайгамбар Сулаймандын энеси+ Батшебага:+ «Кагыттын уулу Адониянын+ падыша болуп алганын уктуңбу? Мырзабыз Дөөтү болсо бул жөнүндө эч нерсе билбейт.
12 Эми мен сага кеңеш айтайын. Өзүңдүн да, уулуң Сулаймандын да өмүрүн сактап калыш үчүн+
13 Дөөтү падышага баргын да: „Улуу урматтуу падышам күңүнө: “Менден кийин сенин уулуң Сулайман падыша болуп, тактыга отурат”,+— деп ант бербеди беле. Анда эмнеге Адония падыша болуп калды?“ — деп айт.
14 Анан сен падыша менен сүйлөшүп жатканда, мен кирип барам да, айткандарыңды ырастайм»,— деди.
15 Ошентип, Батшеба падыша уктаган бөлмөгө кирди. Падыша абдан карып калган эле, шунемдик Абишага+ ага кызмат кылып жүргөн болчу.
16 Батшеба тизелеп, падышага жерге чейин ийиле таазим кылды. Падыша андан: «Эмне өтүнүчүң бар?» — деп сурады.
17 Ошондо ал: «Мырзам, сен күңүңө: „Менден кийин уулуң Сулайман падыша болуп, тактыга отурат“,— деп Жахаба* Кудайыңды оозанып ант бербедиң беле.+
18 Бирок Адония падыша болуп алыптыр, улуу урматтуу падышам болсо бул тууралуу эч нерсе билбейт.+
19 Ал көп сандаган букаларды, бордолгон малдарды, койлорду курмандыкка чалып, падышанын бүт уулдарын, дин кызматчы Абыятар менен аскер башчы Жоапты чакырып,+ кулуң Сулайманды чакырбай коюптур.+
20 Бирок, улуу урматтуу падышам, бүт Ысрайыл сени карап, сенден кийин такка ким отурарын айтышыңды күтүп жатат.
21 Эгер айтпасаң, улуу урматтуу падышамдын көзү өткөндөн кийин эле* алар мени да, уулум Сулайманды да чыккынчы деп чыгышат»,— деди.
22 Батшеба падыша менен сүйлөшүп жатканда, Натан пайгамбар келди.+
23 Падышага: «Натан пайгамбар келди»,— деп билдиришти. Ал падышанын жанына келип, жерге чейин ийиле таазим кылды.
24 Анан падышага: «Улуу урматтуу падышам, сен: „Менден кийин Адония падыша болуп, такка отурат“,— деп айттың беле?+
25 Ал бүгүн көп сандаган букаларды, бордолгон малдарды, койлорду курмандыкка чалганы барып,+ падышанын бүт уулдарын, аскер башчыларын, дин кызматчы Абыятарды чакырыптыр.+ Азыр алар аны менен бирге ичип-жеп: „Жашасын Адония падыша!“ — деп жатышат.
26 Мени, дин кызматчы Садокту, Жояттын уулу Бенаяны,+ кулуң Сулайманды болсо чакырган жок.
27 Улуу урматтуу падышам өзүнөн кийин тактыга ким отурарын мага айтпай эле ушундай буйрук берди беле?» — деди.
28 Ошондо Дөөтү падыша: «Батшебаны бери чакыргыла»,— деди. Ал келип, падышанын алдына турду.
29 Падыша ага: «Мени бардык азаптан куткарган тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем!+
30 Мен сага: „Менден кийин уулуң Сулайман падыша болуп, менин ордума тактыга отурат“,— деп Ысрайылдын Кудайы Жахабаны оозанып ант берген болчумун. Бүгүн ошону аткарам»,— деп ант берди.
31 Батшеба тизелеп, падышага жерге чейин ийиле таазим кылды да: «Улуу урматтуу Дөөтү падышам түбөлүк жашасын!» — деди.
32 Дөөтү падыша ошол замат: «Дин кызматчы Садокту, Натан пайгамбарды, Жояттын уулу+ Бенаяны+ чакыргыла»,— деди. Алар келгенде,
33 падыша: «Кызматчыларымды жаныңарга алып алып, уулум Сулайманды качырыма*+ мингизгиле да, Гихонго алып баргыла.+
34 Ал жерден дин кызматчы Садок менен Натан пайгамбар аны май менен майлап*,+ Ысрайылга падыша кылып дайындашсын. Анан сурнай тартып: „Жашасын Сулайман падыша!“ — деп жар салгыла.+
35 Андан кийин аны кайра алып келгиле. Ал келип, тактыма отурат да, менин ордума падыша болот. Мен аны Ысрайыл менен Жүйүттүн элине жол башчы кылып дайындайм»,— деди.
36 Ошондо Жояттын уулу Беная падышага: «Оомийн!* Улуу урматтуу падышамдын Кудайы Жахаба батасын берсин.
37 Жахаба улуу урматтуу падышамды колдоп жүргөндөй эле, Сулайманды да колдоп жүрсүн,+ анын тактысын улуу урматтуу Дөөтү падышамдын тактысынан да жогору кылсын»,— деди.+
38 Ошентип, дин кызматчы Садок, Натан пайгамбар, Жояттын уулу Беная+ жана керейтиликтер менен пелеликтер+ Сулайманды Дөөтү падышанын качырына мингизип,+ Гихонго алып барышты.+
39 Дин кызматчы Садок чатырдан*+ май куюлган мүйүздү алып,+ Сулаймандын башына май куйду.+ Анан алар сурнай тартышты. Ошондо бүт эл: «Жашасын Сулайман падыша!» — деп кыйкыра баштады.
40 Андан кийин анын артынан ээрчип жөнөштү. Эл чоор тартып, аябай кубанып баратты. Алардын кыйкырыгынан жер жаңырып жатты.+
41 Бул Адония менен ал чакырган кишилерге чейин угулду, алар жаңы эле тамактанып бүтүшкөн эле.+ Жоап сурнайдын үнүн угары менен: «Шаарда эмне болгон ызы-чуу болуп жатат?» — деп сурады.
42 Ал сүйлөп бүтө электе, дин кызматчы Абыятардын уулу Жонатан+ келип калды. Адония ага: «Кел, сен жакшы кишисиң, жакшы кабар менен келдиң болуш керек»,— деди.
43 Бирок Жонатан ага мындай деди: «Жок, андай эмес. Улуу урматтуу Дөөтү падышабыз Сулайманды падыша кылып дайындады.
44 Ал аны менен бирге дин кызматчы Садокту, Натан пайгамбарды, Жояттын уулу Бенаяны, керейтиликтер менен пелеликтерди жөнөттү. Алар Сулайманды падышанын качырына мингизишти.+
45 Дин кызматчы Садок менен Натан пайгамбар аны Гихондо майлап, падыша кылып дайындашты. Анан баары аябай кубанып, ал жактан кайра шаарга кетишти, шаардагылар ошон үчүн чуулдап жатышат. Силер уккан ызы-чуу ошол болчу.
46 Сулайман болсо падышалык такка отурду.
47 Улуу урматтуу Дөөтү падышабыздын кызматчылары: „Кудайыңыз уулуңуз Сулаймандын атын сиздикинен да даңктуу кылсын, тактысын сиздин тактыңыздан да жогору кылсын!“ — деп, падышаны куттуктап келишти. Падыша болсо төшөгүндө отуруп таазим кылды.
48 Анан: „Бүгүн менин ордума тактыга отура турганды дайындап, мага ушул күндү көрсөткөн Ысрайылдын Кудайы Жахабага даңк!“ — деди».
49 Ошондо Адония чакыргандардын баары коркуп, ордуларынан тура калышты да, ар кимиси өз жолуна түштү.
50 Адония өзү да Сулаймандан коркконунан барып, курмандык жайынын мүйүздөрүн кармап туруп алды.+
51 Сулайманга: «Адония Сулайман падышадан коркконунан курмандык жайынын мүйүздөрүн кармап алып: „Сулайман падыша мени кылычтап өлтүрбөйм деп ант берсин“,— деп жатат»,— деп айтып келишти.
52 Сулайман: «Эгер ал түз жүрсө, бир тал чачы да жерге түшпөйт. Эгер арам ою бар болсо,+ анда өлөт»,— деди.
53 Анан аны алып келиш үчүн курмандык жайына киши жөнөттү. Адония келип, Сулайман падышага таазим кылды. Сулайман ага: «Үйүңө бара бер»,— деди.
Шилтемелер
^ Же: «аны менен жыныстык мамиледе болгон жок».
^ Же: «көңүлүн оорутчу эмес; урушчу эмес».
^ Сөзмө-сөз: «падышам ата-бабаларынын жанына жаткандан кийин эле».
^ Же: «ургаачы качырыма».
^ Сыягы, бул келишим сандыгы үчүн тигилген чатырды билдирет.