Филиппиликтерге 3:1—21
3 Ошентип, бир туугандарым, Теңирдин кызматчылары катары дайыма кубангыла.+ Буга чейин жазгандарымды кайра жазган мага кыйын деле эмес, силерге эле жакшы болсун деп жатам.
2 Бузулган адамдардан* сак болгула, зыяны тие тургандардан сак болгула, сүннөткө отургузууну талап кылгандардан сак болгула.+
3 Чыныгы сүннөткө отургузулгандар бизбиз,+ анткени биз Кудайга анын ыйык рухунун жардамы менен кызмат кылып жатабыз, адамдар маанилүү деп эсептеген нерселер менен сыймыктанбайбыз*, Машаяк Иса менен сыймыктанабыз.+
4 Чын-чынына келгенде, адамдар маанилүү деп эсептеген нерселер менен сыймыктанганга менде башкаларга караганда көбүрөөк негиз бар.
Эгер кимдир бирөө өзүндө ошентип сыймыктанганга себеп бар десе, анда менде алда канча көп себеп бар:
5 сегизинчи күнү сүннөткө отургузулганмын,+ ысрайыл элиненмин, Бенжемин уруусунанмын, евреймин,+ атам да, энем да еврей болгон. Мусанын Мыйзамына бек карманган фарисей болчумун.+
6 Көз карашыма ушунчалык бекем кармангандыктан Кудайдын элинин жыйналышын куугунтуктачумун,+ Мыйзамды так аткарчумун.
7 Бирок Машаяктын жолдоочусу болгондон кийин ушулардын баарын эч нерсеге жарабаган нерседей көрүп калдым*.+
8 Мырзам Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим менен салыштырганда мунун бардыгы эч нерсеге арзыбайт деп ойлойм. Машаяк үчүн баарын таштанды деп эсептейм, баарын четке кактым. Ага жагыш үчүн,
9 аны менен биримдикте болуш үчүн ошенттим. Мен Мыйзамды так аткарганым үчүн эмес, Машаякка ишенгеним үчүн адил деп эсептелем.+ Кудай бизди ошол ишенимибиз үчүн адил деп эсептейт.+
10 Машаякты жана аны тирилткендин күчүн таанып-билгим келет.+ Машаякка окшоп азап тарткым келет,+ атүгүл ага окшоп өлгөнгө да даярмын.+
11 Анткени биринчи болуп тириле тургандардын арасында болом деп үмүттөнүп жатам.+
12 Азырынча ал сыйлыгымды ала элекмин, жеткилең да боло элекмин. Бирок ошол сыйлыгымды алганга бүт күчүмдү жумшап келем.+ Себеби Машаяк Иса мени ошол үчүн тандап алганын билем.+
13 Бир туугандарым, азырынча ал сыйлыгымды алдым деп ойлобойм. Бирок бир нерсени так айта алам: арттагыны унутуп,+ алдыдагыга умтулуп жатам.+
14 Кудайдын Машаяк Иса аркылуу бере турган сыйлыгына, асмандагы жашоого,+ жетиш үчүн колуман келгендин баарын кылып жатам.+
15 Келгиле, ишеними күчтүүлөрдүн+ баары ушундай ойдо бололу. Эгер кимдир бирөөңөр башкача ойдо болуп жатсаңар, Кудай силерге жогоруда айтылгандагыдай туура ойдо болгонго жардам берет.
16 Буга чейин кандай ийгиликке жеткен болсок, багытыбыздан жазбай, алга илгерилей берели.
17 Бир туугандарым, баарыңар менден үлгү алгыла,+ биздин үлгүбүз боюнча жашап жаткандардын үлгүсүнө көңүл бургула.
18 Себеби Машаяктын жаза устунунда өлгөнүн баалабагандар көп. Алар жөнүндө силерге көп жолу айткам, азыр болсо көз жашымды төгүп айтып жатам.
19 Алар акыры өлүп жок болушат; андай адамдар өз каалоосун* кудай тутушат, уятсыз иштерине мактанышат, жердеги нерселерди гана ойлошот.+
20 Биз болсо асман жарандарыбыз+ жана асмандагы куткаруучуну,+ Мырзабыз Иса Машаякты, чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.+
21 Ал биздин алсыз денебизди өзүнүкүндөй даңктуу кылып өзгөртөт.+ Муну кубаттуу күчү менен, бардыгын өзүнө баш ийдире турган күчү менен, кылат.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Иттерден». Башкача айтканда, окуткан нерселери менен Кудайдын көз алдында өздөрүн арамдаган кишилер.
^ Сөзмө-сөз: «денеге таянбайбыз».
^ Же балким: «баарын эч кыйылбай, өз эрким менен таштадым».
^ Сөзмө-сөз: «курсагын».