Ышая 3:1—26

  • Жүйүт элин жетектегендердин элди туура жолдон адаштырышы (1—15)

  • Кудай көзүн сүзүп, назданган Сион кызына өкүм чыгарат (16—26)

3  Мына, чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Иерусалим менен Жүйүттү бардык жөлөк-таягынан, азык-түлүк корунан: Бүт нанынан, суусунан,+  2  Күчтүү кишисинен, жоокеринен,Сотунан, пайгамбарынан,+ төлгөчүсүнөн, аксакалынан,  3  Элүү башысынан,+ көрүнүктүү кишисинен, кеңешчисинен,Кыйын сыйкырчысы менен дубакеринен ажыратат.+  4  Ал аларга жаш балдарды төрө кылат,Аларды туруксуз* кишилер башкарат.  5  Адамдар бири-бирин,Бири экинчисин эзет.+ Жаш бала карыяны кордойт,Карапайым киши кадырлуу кишини тоготпойт.+  6  Ошондо ар бири атасынын үйүндөгү жакынына жармашып: «Үстүңдө чапаның бар экен, бизге башчы бол,Мына бул үйүлгөн урандылар кол алдыңда болсун»,— дейт.  7  Бирок ошол күнү ал: «Мен жараатыңарды таңбайм*. Үйүмдө тамак-аш да, кийим-кечек да жок. Мени элге башчы кылбагыла»,— деп каршы болот.  8  Иерусалим чалынды,Жүйүт кулады,Анткени алар тили менен да, иши менен да Жахабага каршы чыгышты;Даңктуу Кудайдын алдында баш ийбестик кылып жатышат.+  9  Аларды өздөрүнүн жүзү ашкерелеп турат,Алар Содомдун тургундарындай болуп күнөөсү жөнүндө ачык эле айтышат;+Анысын жашырышпайт. Алардын башына каран түн түшөт, анткени өздөрүнө өздөрү алаамат тилеп алышты! 10  Адил адамдарга жакшылык көрөрүн айткыла,Себеби алар жакшы иштеринин үзүрүн көрүшөт.+ 11  Ыймансыздын башына каран түн түшөт! Ал каргашага кабылат! Анткени кылган иштери үчүн тиешесин алат. 12  Элим жөнүндө айтсам, аны ырайымсыздар жумушка салып,Аялдар башкарып жатат. Оо, элим, сени өз башчыларың адаштырып,Жолдон чыгарды.+ 13  Жахаба элди айыптаганга даярданды;Элдерге өкүм чыгарыш үчүн ордунан турду. 14  Жахаба элинин аксакалдары, төрөлөрү менен соттошот. Аларга: «Силер жүзүмзарды өрттөп жибердиңер. Бей-бечарадан тартып алганыңар үйүңөрдө турат.+ 15  Элимди эзгенге,Бей-бечараны ырайымсыздык менен кордогонго кантип батынып жатасыңар?»+ — дейт Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 16  Жахаба мындай дейт: «Сион кыздары текеберденип,Мурдун көтөрүп,Көзүн сүзүп, назданып,Бутундагы жасалгаларын шылдыратып басышат, 17  Ошондуктан Жахаба Сион кыздарынын төбөсүн карттандырат. Жахаба алардын маңдайын тасырайтат.+ 18  Ошол күнү Жахаба алардын бутундагы кооз билериктерин,Башына байлаган тасмаларын, жарым ай түрүндөгү жасалгаларын,+ 19  Сыргаларын*, колундагы билериктерин, чүмбөттөрүн, 20  Баш кийимдерин, бутундагы чынжырчаларын, көкүрөк курларын,Атыр куюлган идиштерин, тумарларын*, 21  Манжаларындагы, мурдуларындагы шакектерин, 22  Кооз кийимдерин, чапандарын, жамынчыларын, капчыктарын, 23  Кол күзгүлөрүн,+ зыгыр кийимдерин*,Чалмаларын, чүмбөттөрүн тартып алат. 24  Алар азыр бальзам майы жыттанса,+ кийин сасык жыттанат,Белине курдун ордуна аркан тагынышат,Кооздолуп жасалган чачынан айрылып, такыр баш болушат,+Кымбат кийимдин ордуна таар* кийишет.+ Сулуулугунун ордуна тырык* болот. 25  Сион шаары, эркектериң кылычтан сулайт,Күчтүү жоокерлериң согуштан каза табат.+ 26  Шаардын дарбазалары кайгырып, күйүт тарткан аялдай болот.+ Аңгырап бош калган ал шаар кара жерге отурат».+

Шилтемелер

Же: «ишеничтүү эмес».
Же: «силерди айыктырбайм».
Же: «Моюнга таккан жасалгаларын».
Же: «үлүлдүн кабыгы сымал жасалгаларын».
Же: «ички кийимдерин».
Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушул сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.
Б. а. кулдун же түрмөдө отурган кишинин денесине темирди ысытып туруп баскан эн же белги.