Ышая 38:1—22
38 Ошол күндөрү Хиския катуу ооруп калды. Ал өлүм алдында жатканда,+ Амостун уулу Ышая+ пайгамбар келип: «Жахаба сага: „Үйүңдөгүлөргө керээзиңди айтып кал, анткени айыкпайсың, өлөсүң“,— деп жатат»,— деди.+
2 Ошондо Хиския жүзүн дубалга буруп, Жахабадан тилене баштады.
3 Ал: «Оо, Жахаба, бир өзүңө жалынып-жалбарам, сага берилип, бүт жүрөгүм менен+ кызмат кылганымды, көз алдыңда туура иштерди кылып келгенимди эстей көр»,+— деп тиленди. Анан өксөп ыйлады.
4 Ошондо Жахаба Ышаяга:
5 «Хискияга кайра барып:+ „Ата-бабаларыңан болгон Дөөтүнүн Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен сенин тиленгениңди уктум,+ көз жашыңды көрдүм.+ Өмүрүңдү дагы 15 жылга узартам.+
6 Сени да, бул шаарды да Ашур падышасынын колунан куткарам, бул шаарды коргойм.+
7 Жахаба айткан сөзүн аткарат. Буга далил катары мен, Жахаба, мындай жышаан берем:+
8 Ахаздын тепкичине* түшкөн көлөкөнү 10 тепкич артка жылдырам”“,+— деп айт»,— деди. Ошондо тепкичке түшкөн көлөкө 10 тепкич артка жылды.
9 Жүйүт падышасы Хискиянын ооруп, кайра айыкканда жазгандары:
10 «Мен: „Өмүрүмдүн тең жарымында көргө* кирем,Калган жылдарымдан ажырайм“,— деген элем.
11 „Эми Жахты көрбөй калам, тирүүлөрдүн арасынан жок болуп, Жахты көрбөй калам,+— деген элем.—
Өлгөндөрдүн арасына кошулам,Ошондон кийин адамдарды көрбөй калам.
12 Менин турагым койчулардын чатырындай,Чечилип, көчүрүлүп кеткен чатырындай болуп калды.+
Токуучу кездемесин түргөндөй, мен өмүрүмдү түрүп койдум,Кудай өмүрүмдү токулуп бүткөн кездемедей кыркып салды.
Мени таң заардан кечке чейин кыйнап келет.+
13 Таң аткыча өзүмдү сооротконго аракет кылам.
Ал арстандай бүт сөөгүмдү бычыратып жатат.
Мени таң заардан кечке чейин кыйнап келет.+
14 Мен карлыгачтай, таркылдактай* чырылдап,+Көгүчкөндөй күркүлдөп жатам.+
Көктү карап, көзүм талып:+
“Оо, Жахаба, азапка баттым;Мага жардам бере көр”,— дедим.+
15 Эми эмне дей алам?
Ал мага эмне десе, ошону аткарды.
Тарткан азабымды унутпай,Өмүрүм өткөнчө момун болом.
16 Оо, Жахаба, адам баласы сенин жакшылыктарыңдын* аркасында жашап келет.
Мен да ошонун аркасы менен тирүү жүрөм.
Сен мени айыктырып, аман алып каласың.+
17 Мына, жан дүйнөмөн тынчтык кетип, кайгым көбөйдү;Бирок сен мени жакшы көрөсүң,Ошон үчүн өлүмдөн* сактап калдың.+
Күнөөмдүн баарын артыңа ыргыттың*.+
18 Анткени сени көр* даңктай албайт,+Өлүм да даңазалай албайт.+
Көргө түшкөндөр ишеничтүү экениңди көрө албайт*.+
19 Мен сени ушул күнү даңктагандай,Сени тирүүлөр, тирүү жүргөндөр гана даңктай алат.
Аталар балдарына ишеничтүү экениңди айтып бере алат.+
20 Оо, Жахаба, мени куткара көр,Ошондо, Жахаба, ырларымды күүгө салып,Өмүр бою сенин үйүңдө+ кыл аспап чертебиз“».+
21 Ышая пайгамбар падышанын кызматчыларына: «Анжирдин ныкталган кагынан алып келип, жарага тарткыла, ошондо ал айыгат»,— деди.+
22 Ага чейин Хиския: «Жахабанын ибадатканасына барарымды кайсы жышаандан билем?» — деп сураган эле.+
Шилтемелер
^ Сыягы, ошол тепкич убакытты билиш үчүн күн сааты катары колдонулган.
^ Же балким: «турнадай».
^ Б. а. Кудайдын сөзү жана кылган иштери.
^ Же: «жок болуу аңынан».
^ Же: «Көрбөш үчүн күнөөмдүн баарын көз алдыңан алып салдың».
^ Же: «ишеничтүүлүгүңө үмүт арта албайт».