Ышая 5:1—30

  • Жахабанын жүзүмзары жөнүндөгү ыр (1—7)

  • Жүзүмзарга каран түн түшөт (8—24)

  • Кудай өз элине каарданат (25—30)

5  Мен сүйүктүүмө анын өзү жөнүндө,Жүзүмзары+ жөнүндө ырдап берейин. Топурагы семиз дөңсөөнүн боорунда сүйүктүүмдүн жүзүмзары бар эле.  2  Ал жерди айдап, ташын терип,Тандамал кызыл жүзүм отургузду. Ортосуна мунара курду,Жер казып, жүзүм сыккыч да жасады.+ Ошентип, жакшы жүзүм алам деп үмүттөнүп жүрдү,Бирок анысы жапайы жүзүм берди.+  3  Ошон үчүн ал мындай деди: «Эми, Иерусалим менен Жүйүттүн эли,Жүзүмзарым экөөбүзгө калыс болгула.+  4  Мен жүзүмзарым үчүн баарын кылдым. Дагы эмне кылышым керек эле?+ Ал жакшы жүзүм берет деп үмүттөнгөм,Эмнеге жапайы жүзүм берди?  5  Эми силерге аны эмне кыларымды айтайын: Тосмосун алып таштайм,Ошондо аны өрт каптайт.+ Таш дубалын бузуп таштайм,Ошондо ал тебелендиде калат.  6  Мен аны ээн жерге айлантам;+Жүзүмү буталбайт, түптөлбөйт. Аны тикенек менен отоо чөп басат.+ Булуттарга буйрук берип, ага жамгыр жаадырбайм.+  7  Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын жүзүмзары — Ысрайылдын эли,+Жакшы көргөн көчөтү* — Жүйүттүн эли. Кудай акыйкаттыкты күткөн эле,+Бирок адилетсиздик болду;Адилдикти күткөн эле,Бирок кыйналгандардын зарлаган үнү угулду».+  8  Талаасына талаа улап,+Үйүнө үй кошуп жаткандардын башына каран түн түшөт!+ Силер ошентип башкаларга бош жер калтырбай,Бүт жерди өзүңөр ээлеп алдыңар.  9  Мен асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ант бергенин уктум. Ал көптөгөн үйлөр заңгырап кооз болсо да,Үрөй учурарлык абалда каларын,Аңгырап бош каларын айтып ант берди.+ 10  Төрт гектар* жерге айдалган жүзүм 22 литр* гана шарап берет,160 килограмм* үрөн 16 килограмм* эле буудай берет.+ 11  Ичимдик ичиш үчүн таң заарда тургандардын,+Кара күүгүмгө чейин шарап ичип мас болгондордун башына каран түн түшөт! 12  Алардын тойлорунда арфа менен кыл аспап чертилет,Дап кагылат, чоор тартылат, шарап ичилет. Бирок эч кимиси Жахабанын иштери жөнүндө ойлонбойт,Анын жасаган иштерин көрбөйт. 13  Ошондуктан элим туткунга айдалат,Анткени алар мени билбейт.+ Алардын атактуулары ачка калат,+Бүт эли сууга жетпей кыйналат. 14  Ошон үчүн көр* кеңейип,Оозун араандай ачты.+ Шаардын көркү*, бака-шака болгон эли, анын ичинде салтанат куруп жаткандарСөзсүз ал жакка түшөт. 15  Пенде бүк түшөт,Басынтылып-кемсинтилет,Текеберлер да жер карайт. 16  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба өкүмдөрүн ишке ашырып*, зоболосу көтөрүлөт. Чыныгы Кудай, Ыйык Кудай,+ адилдиги аркылуу ыйык экенин көрсөтөт.+ 17  Ал жерде козулар жайыттагыдай жайылат,Бир кезде семиз мал оттоп жүргөн ээн жерлердин түшүмүн бөтөн жерлик тургундар жейт. 18  Айыбын жалгандыктын аркандары менен сүйрөп жүргөндөрдүн,Күнөөсүн арабадай чегип алгандардын башына каран түн түшөт! 19  «Ал кылар ишин тездетсин,Тезирээк ишке ашырсын, биз көрөлү! Ысрайылдын Ыйыгынын ой-ниети* аткарылсын,Анын ой-ниетин билгидей бололу!» — дегендердин башына каран түн түшөт.+ 20  Жакшыны жаман, жаманды жакшы дегендердин,+Караңгыны жарык, жарыкты караңгы,Ачууну таттуу, таттууну ачуу дегендердин башына каран түн түшөт! 21  Өзүн даанышман эсептегендердин,Өзүн акылдуу деп ойлогондордун башына каран түн түшөт!+ 22  Шарап ичкенге келгенде кыйын болгондордун,Ичимдик жасаганга шыктуулардын,+ 23  Пара алып, ыймансызды актагандардын,+Адил кишиге адилетсиздик кылгандардын башына каран түн түшөт!+ 24  Саманды от жалмагандай,Кургак чөптү өрт каптагандай болуп,Алардын тамыры чирийт,Гүлү чаңдай сапырылат. Себеби алар асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын мыйзамын* четке кагышкан,Ысрайылдын Ыйыгынын сөзүн баркташкан эмес.+ 25  Ошон үчүн Жахаба элине катуу каарданып жатат,Ал колун көтөрүп, аларга сокку урат.+ Ошондо тоолор титирейт,Адамдардын өлүгү таштандыдай болуп көчөлөрдө жатат.+ Ошол себептен* анын каары кайт болгон жок,Колу сокку уруш үчүн дагы деле көтөрүлүп турат. 26  Ал алыстагы улуу элге белги берди*,+Ышкырып, аларды жердин кыйырынан чакырды.+ Мына, алар ушунчалык тез келатышат!+ 27  Бири да чарчабайт, бири да чалынбайт. Эч кимиси үргүлөбөйт, уктабайт. Белдериндеги курлары бошобойт,Сандалдарынын боолору үзүлбөйт. 28  Алардын жебелери учтуу,Жаалары атканга даяр. Аттарынын туяктары оттук таштай* катуу,Арабаларынын дөңгөлөктөрү куюндай тез чимирилет.+ 29  Алардын айкырыгы арстандын арылдаганындай,Алар жаш арстандай* арылдашат.+ Ач айкырык салып олжосун баса калышат да, алып кетишет,Чеңгелинен аны эч ким куткара албайт. 30  Ошол күнү алар олжосун кармап,Деңиз күркүрөгөндөй күркүрөшөт.+ Ошондо ал жерди карагандардын баары үрөй учурган караңгылыкты көрүшөт;Булут каптагандыктан, атүгүл күндүз да караңгы болот.+

Шилтемелер

Же: «жүзүмзары».
Же: «10 өлчөм». Б. а. 10 жуп өгүз менен 1 күндө айдалчу жер.
Сөзмө-сөз: «1 бат». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «1 хомер».
Сөзмө-сөз: «1 эйфа».
Же: «көрүнүктүү кишилери».
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.
Же: «акыйкаттыгы менен».
Же: «чечими».
Же: «көрсөтмөсүн».
Кудайдын эли анын сөзү менен мыйзамын четке какканы үчүн.
Же: «белги орнотту».
Же: «жалы бар жаш арстандай».