Силер Жахабанын Күбөсү болбой калгандардан оолактап каласыңарбы?
Биз Жахабанын Күбөсү болуп, бирок кабар айтуу ишине катышпай калгандардан же ишенимдештеринен алыстап кеткендерден оолактабайбыз. Тескерисинче, рухий кызыгуусун жандандырууга жардам бериш үчүн алар менен байланышып турабыз.
Олуттуу күнөө кылган Жахабанын Күбөсү дароо эле жыйналыштан чыгарылбайт. Бирок ал Ыйык Китепте айтылгандарга каршы иш кылып, кылган иши үчүн өкүнбөсө, жыйналыштан чыгарылат. Анткени Ыйык Китепте: «Жаман кишини араңардан чыгарып салгыла»,— деп ачык эле айтылган (1 Корунттуктар 5:13).
Жыйналыштан чыгарылган кишинин аялы же балдары Жахабанын Күбөсү болсочу? Албетте, алардын үй-бүлө катары өз ара мамилеси өзгөрбөйт, бирок Жахаба Кудайга мурункудай чогуу сыйына албай калышат. Жыйналыштан чыгарылган киши үй-бүлөсү үчүн дагы деле башчы жана ата бойдон кала берет. Алар мурункудай эле күнүмдүк иштерин чогуу жасай беришет.
Жыйналыштан чыгарылгандарга жыйналыш жолугушууларына келүүгө тыюу салынбайт. Эгер каалашса, жыйналыштын аксакалдары аларга Ыйык Китепке негизделген кеңештерди беришет. Мындай иш-чаранын максаты — аларга кайрадан Жахабанын Күбөсү болууга жардам берүү. Ыйык Китептеги талаптарга ылайык жашоону чын жүрөктөн каалап, Кудайга жакпаган жаман иштерин таштагандар кайрадан Жахабанын Күбөсү боло алышат.