Мазмунун көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Албанияда жана Косоводо

Жан аябас кызматчылар Албанияда жана Косоводо

 «Жахаба үчүн ушунчалык көптү кыла алам деп ойлогон эмесмин»,— дейт Англиядан Албанияга a кызмат кылганы көчүп барган Гуэн.

 Гуэн — «бардык элдердин асыл заттарын» издеп табыш үчүн Албанияга көчүп барган көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн бири (Акай 2:7). Аларга эмне түрткү берген? Жаңы жерге көчүп барыш үчүн эмнелерди өзгөртүшкөн? Ар кандай кыйынчылыктарга карабай кызматын уланта берүүгө аларга эмне жардам берүүдө?

Жагдайы ар кандай, бирок максаты бир

 Албанияга көчүп келгенге баарына бир нерсе түрткү берген: алар Жахабаны жакшы көрөт жана башкаларга ал жөнүндө билгенге жардам бергиси келет.

 Алар чет өлкөгө көчүп барганга чейин ал жакта кызмат кылганга жакшы даярданышкан. Гуэн мындай дейт: «Башында өзүм жашаган жердеги албан тилиндеги топко которулгам. Кийинчерээк Албаниядагы жыйынга баргам. Кийин болсо албан тилин жакшы өздөштүрүш үчүн ал жакка бир канча убакыт жашаганы бардым».

Гуэн

 23 жашында Мануэла өзүнүн өлкөсүндөгү, Италиядагы, чакан жыйналышка жардам бериш үчүн ал жакка көчүп барган. Мануэла: «Ошол жыйналышта 4 жыл кызмат кылдым. Анан Албанияда жарчыларга муктаждык бар экенин уктум. Ошентип, ал жакта бир нече ай пионер болуп кызмат кылууну чечтим»,— дейт.

Мануэла (ортодо)

 Жыйындан Албания жөнүндөгү отчётту укканда Федерика 7 эле жашта болчу. Ал мындай деп эскерет: «Баяндамачы Албаниядагы жарчылар көптөр менен изилдөө баштап жатканын жана кызыккандар жыйналышка келип жатканын айтып берди. Ошондон тартып ата-энеме Албанияга баргым келип жатканын тынбай айта баштадым. Муну укканда ата-энем аябай таң калды. Анан атам: „Бул тууралуу тилене бер. Эгер бул Жахабанын эркине ылайык келсе, ал тиленүүңө жооп берет“,— деди. Бир нече айдан кийин эле биздин үй-бүлөнү Албанияга кызмат кылганга чакырышты». Андан бери көп жыл өттү. Кийин Федерика чоңоюп Оргес деген ишенимдешибизге турмушка чыккан. Ал экөө каякта кызмат кылып калган деп ойлойсуңар? Албетте, Албанияда. Ошентип, Федериканын бала чагындагы кыялы орундалган.

Оргес менен Федерика

 Италияда жашаган Жанпьеро ардактуу эс алууга чыккандан кийин жубайы Глория экөө Албанияга кызмат кылганы көчүп барган. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Биз беш уулду тарбиялап чоңойттук. Үчөө жарчыларга муктаждык көп жакта кызмат кылышат. Бизде да «Күзөт мунарасынан» «Македонияга бара аласыңбы?» деген макаланы окугандан кийин күчтүү каалоо пайда болду. Жубайым Глория экөөбүз отуруп алып, пенсиямды Албанияда кызмат кылыш үчүн кантип жеткирсек болорун эсептеп чыктык. Анан ал жакка көчүп бардык».

Жанпьеро менен Глория

Алар барын кылдаттык менен ойлонуштурушкан

 Жарчыларга муктаждык бар жерге көчүп баргысы келгендер баарын кылдаттык менен ойлонуштуруп, алдын ала даярдык көргөнү маанилүү (Лука 14:28). Мисалы, алар ал жакка көчүп барганда жанын кантип багары тууралуу ойлонуп көрүшү керек. Буга чейин айтылган Гуэн Англияда жүргөндө эле акчасын үнөмдөш үчүн эжесиникине көчүп барган. Англиялык София менен Кристофер мындай дейт: «Биз унаабызды жана айрым эмеректерибизди саттык. Ал акча Албанияда кызмат кылыш үчүн, жок эле дегенде, бир жылга жетет деп ойлогонбуз». Бактыга жараша, алар ал жакта андан да көп убакытка кала алышкан.

Кристофер менен София

 Албанияга бир нече айга кызмат кылганы келген жарчылар кайра өз өлкөсүнө барып иштеп, акча чогултуп, анан кайра кызмат кылганы Албанияга келишет. Элизио менен Мириам да ушинтишкен. Элизио мындай деп айтып берген: «Мириам Италиянын туристтер көп барган шаарынан болот. Ошондуктан туристтер агылып келген маалда ал жакта жумуш табыш оңой. Жайкысын ал жакка барып 3 ай иштеп келчүбүз. Тапкан акчабыз Албанияда жашаганга 9 айга жетчү. Ушинтип 5 жыл кызмат кылдык».

Мириам менен Элизио

Кыйынчылыктарды жеңүү

 Жарчыларга муктаждык бар жерге көчүп баргандар жаңы жагдай-шартка көнүшү керек болот. Бирок жергиликтүү ишенимдештеринин кеңеши, үлгүсү аларга жаңы кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берет. Жогоруда айтылган София: «Кышкысын Албанияда үйлөр аябай суук болот экен. Мен жергиликтүү бир туугандарды көрүп, кышкысын кантип кийиниш керектигин үйрөндүм»,— деп бөлүшкөн. Гжегож менен Сона деген жубайлар кызмат кылыш үчүн Косовонун b Призрен деген кооз шаарына көчүп барышкан. Гжегож мындай дейт: «Жергиликтүү жарчылар абдан момун, боорукер, анан чыдамкай экен. Алар бизге тил үйрөнгөнгө жардам беришти. Башка жактардан да кол кабыш кылышты. Мисалы, арзаныраак дүкөндөр каякта экенин, азык-түлүктү жергиликтүү базардан кантип алыш керектигин көрсөтүп беришти».

Эмнелер кубаныч тартуулап келет?

 Кызмат кылыш үчүн жаңы жерге көчүп баргандар жергиликтүү бир туугандар менен жакыныраак таанышып, жаңы досторго ээ болушат. Бул аларга кандай таасир этери жөнүндө Сона мындай деп түшүндүрөт: «Жергиликтүү жарчылардын жашоосунан Жахабанын сүйүүсү канчалык күчтүү экенин көрөм. Алардын Жахабаны таанып-билгенде жашоосун, ишенген нерселерин толугу менен өзгөрткөнүн көрүп менин да ишенимим бекемделет. Жыйналышта өзүбүздү керектүү, өз ордубуз бар экенин сезебиз. Биз үчүн арка-бел болгон чыныгы досторубуз менен ийиндеш туруп кызмат кылып жатабыз» (Марк 10:29, 30). Глория болсо мындай дейт: «Көптөгөн эже-сиңдилерибиз Жахабанын Күбөлөрүнө каршы болгон кошуна-колоңдорунан катуу куугунтук жешкен. Алардын Жахабага болгон сүйүүсүн көрүп жүрөгүм аябай козголду».

Гжегож менен Сона

 Жарчыларга муктаждык бар жерге көчүп баргандардын жаңы нерсеге үйрөнгөнгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү болот. Алсак, Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн ыңгайлуу шарттарынан баш тарткандар көбүрөөк кубаныч аларын байкашкан. Стефано буга толугу менен кошулат. Ал мындай деген: «Өз өлкөмдө жүргөндө көбүнчө домофон аркылуу кыска сунуштоолорду колдонуп кабар айтчумун. Ал эми албаниялыктар кофе ичип, жайбаракат отуруп алып сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт экен. Өзүм дээримен уялчаак кишимин. Ошон үчүн башында тартынып, эмне деп айтарымды билбей кыйнала берчүмүн. Бирок убакыттын өтүшү менен мен да адамдарга көңүл бурганды үйрөндүм. Азыр алар менен сүйлөшкөн мага да аябай жагат. Ошонун аркасында кызматтан мурункудан да көбүрөөк кубаныч алып калдым».

Алида менен Стефано

 Лия жолдошу Уильям болуп Албанияга Кошмо Штаттардан көчүп барган. Ал мындай дейт: «Бул жерде кызмат кылгандан тартып көп нерсеге жаңыча карап калдык, ой өрүшүбүз кеңейди. Меймандостук, урмат-сый, дос күтүү кандай болорун дагы кененирээк түшүндүк. Жаңыча кабар айтканды, Ыйык Китептин негизинде талкуу жүргүзгөндү, оюбузду жеткиргенди үйрөндүк». Жолдошу Уильям болсо мындай дейт: «Албанияга көбүнчө элдер көз жоосун алган деңиз жээгинде эс алыш үчүн келишет. Жеке мага Албаниянын Альп тоолоруна барган жагат. Бирок мен, баарынан да, ал жактагы адамдарды жакшы көрүп калдым. Биздин аймактагы көптөгөн кыштактарга атайын өнөктүк учурунда гана кабар айтылчу экен. Ал айылдарга барганда кээде бир күндүн ичинде бир нече үй-бүлө менен эле сүйлөшкөнгө жетишчүбүз».

Уильям менен Лия

 Жарчыларга муктаждык бар жерге көчүп баргандарга, өзгөчө, адамдардын жакшы кабарга кулак какканы эң чоң кубаныч тартуулайт (1 Тесалоникалыктар 2:19, 20). Албанияга көчүп барган Лаура деген жаш, бойдок ишенимдешибиз башынан өткөргөндөрү жөнүндө минтип айтып берген: «Мен бир канча убакыт Фиери деген шаарда кызмат кылдым. Эки жарым жылдын ичинде эле 120 жаңы жарчы кошулду. Мен алардын 16сы менен изилдедим». Сандра деген дагы бир ишенимдешибиз мындай деп бөлүшкөн: «Мен базарда иштеген бир аялга кабар айткам. Ал Жахабанын Күбөсү болуп, кийин киндик каны тамган кыштагына көчүп кеткен. Акыркы жолу анын 15 киши менен изилдеп жатканын уктум».

Лаура

Сандра

Жахаба алардын туруктуулугуна батасын берүүдө

 Мындан бир нече жыл мурун муктаждык боюнча Албанияга көчүп баргандардын айрымдары дагы деле ошол жакта кубаныч менен кызмат кылышууда. Кээде алар мурда сепкен чындыктын үрөндөрү кийин өсүп чыгып, жемиш бергенин укканда таң калышат (Насаатчы 11:6). Буга чейин сөз кылынган Кристофер мындай окуя айтып берген: «Мен Албанияга жаңы көчүп барганда изилдөө баштаган бир кишиге кийин кайра жолугуп калдым. Ал мага экөөбүздүн Ыйык Китеп жөнүндөгү алгачкы талкууларыбызды майда-чүйдөсүнө чейин айтып бергенде, жүрөгүм тим эле козголду. Азыр ал жубайы экөө тең Жахабанын чөмүлгөн кызматчылары экен». Федерика да мындай деп бөлүшөт: «Бир жолу жыйналыштан мага бир келин келип: „Мени таанып жатасыңбы?“ — деп сурады. Көрсө, мен ага 9 жыл мурун кабар айтыптырмын. Кийин мен башка шаарга көчүп кеткенимде, ал башка жарчы менен изилдөө баштап, чөмүлүптүр. Мурда мен Албанияда кызмат кылганыбыздын алгачкы жылдары эч кандай жемиш берген жок деп ойлогом. Бирок жаңылыптырмын».

 Албанияга же Косового көчүп барган ишенимдештерибиз Жахабанын алардын аракетине батасын берип, аларды кубанычка бөлөгөнүнө абдан ыраазы. Албанияда көп жыл кызмат кылгандан кийин Элизио мындай жыйынтыкка келген: «Пенде болгондуктан бул дүйнөдө эмнени туруктуу, коопсуз деп эсептелсе, биз да ошого таянып, оңой эле алданып калышыбыз мүмкүн экен. Бирок чынында алардын баары болбогон эле нерсе. Ал эми Жахабанын принциптери бизге туруктуулукту, жашоонун маңызын тартуулай алат. Жарчыларга муктаждык бар жерде кызмат кылганым мага ушуну эстеп жүргөнгө жардам берет. Мен өзүмдү керектүү сезем жана башкалардын керегине жарап жатканыма сүйүнөм. Жанымда меникиндей максаттарды көздөгөн чыныгы досторум бар». Сандра болсо мындай деген: «Мен мурунтан эле миссионер болуп кызмат кылгым келчү. Муктаждык бар жерге көчүп барганда, Жахаба ошол кыялымды орундатып бергендей эле болду. Албанияга көчүп келгениме эч качан өкүнбөйм. Жашоомдо мынчалык бактылуу болуп көргөн эмесмин».

a Албанияда кабар айтуу иши кантип башталганы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн 2010-жылдагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебин» (ор.) окуп көргүлө.

b Косово Албаниянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Ал жактагылардын көбү албан тилинин диалектисинде сүйлөшөт. Косоводогу албан диалектисинде сүйлөгөндөргө жакшы кабар таратыш үчүн Албаниядан, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн жана Кошмо Штаттардан жарчылар келишкен. 2020-жылы Косоводо 8 жыйналышта, үч топто жана 2 башталгыч топто 256 жарчы бар болчу.