Мазмунун көрсөтүү

17-НОЯБРЬ, 2021
БОЛИВИЯ

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» кечуа (Боливия) тилинде жарык көрдү

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» кечуа (Боливия) тилинде жарык көрдү

2021-жылдын 24-октябрында Боливиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Дуглас Литтл Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кечуа (Боливия) тилинде жарык көргөнүн кулактандырды. Ыйык Китеп санарип форматта чыкты. Алдын ала жаздырылган бул программаны Боливияда жашаган 4 000ден ашуун киши уга алды. Ыйык Китептин кагаз түрүндөгүсү ишенимдештерибиздин колуна, буйруса, 2022-жылдын апрелинде тиет.

Кечуа (Боливия) тилинин көп диалектилери бар. Бир эле сөздү ар кайсы региондо ар кандай түшүнүшөт. Бул кыйынчылыкты чечиш үчүн «Жаңы дүйнө котормосуна» абдан көп шилтемелер кошулду. Натыйжада котормодо колдонулган сөздөргө ар кайсы региондо жашагандар туура түшүнө алгыдай түшүндүрмөлөр берилди.

Негизи, Ыйык Китеп кечуа (Боливия) тилинде 1880-жылдан бери эле бар. Бирок ал котормолордун айрымдарында Кудайдын ысымы — Жахаба деген ысым — шилтемелерде эле берилген же «Кудай Ата» деген жалпы наамга алмаштырылган. «Жаңы дүйнө котормосун» жаратууга катышкан бир котормочу: «Акыры, Кудайдын ысымы жазылган Ыйык Китепке жеткенибизге ушунчалык сүйүнүп турам»,— дейт.

Ыйык Китеп которулуп жатканда котормочулардын көбү ар кандай кыйынчылыктарга туш болушту. Алсак, айрымдарына ооруп калган туугандарына кам көрүүгө туура келди. Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясынын айынан да бул долбоорду ишке ашыруу бир топ оор болду. Дагы бир котормочу мындай дейт: «Бул иш Жахабанын жардамы менен гана аягына чыкты. Анын колдоосу менен Ыйык Китеп болжогон күндөн эртерээк жарык көрдү».

Кечуа (Боливия) тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» бул тилде сүйлөгөндөргө «чындыкты так таанып-билип», куткарылышына жардам берет деп үмүттөнөбүз (1 Тиметей 2:4).