Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 29-ДЕКАБРЬ
БОЛИВИЯ

Жахабанын Күбөлөрүнө Боливияда өткөн жыйында жергиликтүү элдин маданиятын чагылдырган көргөзмө уюштурганы үчүн сыйлык ыйгарылды

Жахабанын Күбөлөрүнө Боливияда өткөн жыйында жергиликтүү элдин маданиятын чагылдырган көргөзмө уюштурганы үчүн сыйлык ыйгарылды

САНТА-КРУЗ, Боливия. Жахабанын Күбөлөрү уюштурган, Кочабамба шаарында 2017-жылдын 27—29-октябрына чейин өткөрүлгөн жыйынга 20 өлкөдөн 17 000ге жакын киши катышты. Жыйынды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн көрүлгөн чараларга жана Боливиядагы ар түрдүү маданияттагы жергиликтүү элдин жашоо-турмушун чагылдырган көргөзмөнү уюштурганына абдан таасирленген эки мекеме Жахабанын Күбөлөрүнө сыйлык ыйгарды.

Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын өткөрүлчү жыйынын 2012-жылдан бери Кочабамба эл аралык жарманке фондунун («Fundación para la Feria Internacional de Cochabamba») жарманке аянтында өткөрүп келишет. Жахабанын Күбөлөрү жыйынга бир нече күн калганда адаттагыдай эле аянтты тазалап чыгышат. Бирок бул жылы жыйынга миңдеген кишилердин келери күтүлгөндүктөн 4 900дөй Жахабанын Күбөсү өз ыктыяры менен 15 күндөн ашык убакыт бою аянттагы имараттын ичи-тышын оңдоп, жасалгалоо ишине катышкан. Алар сырдап, суу түтүктөрүн оңдоп, аудио-видео системаларын, байланыш түйүндөрүн орнотушкан. Имараттын сыртындагы иштерди, анын ичинде жашылдандыруу жана отургучтарды, жарыктандыргычтарды оңдоо иштерин да жүргүзүшкөн.

Кочабамба эл аралык жарманке фонду Жахабанын Күбөлөрүнө ыйгарган сыйлык.

Ошондой эле жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү башка өлкөлөрдөн келе турган 1 800дөн ашуун делегатты жергиликтүү элдин маданияты менен тааныштырыш үчүн музей ачышкан. Музейге киргендер айыл-чарба продукцияларын, ташка жана дубалга тартылган сүрөттөрдү көрө алышкан. Андан тышкары, көргөзмөгө боливиялыктарга гана мүнөздүү архитектуралык стилдеги үч үйдүн үлгүсү коюлган. Жахабанын Күбөлөрү кийин аларды Кочабамба эл аралык жарманке фондуна тартуу кылган.

Кочабамба маданияты боюнча жергиликтүү кеңеш тапшырган сыйлык.

Жахабанын Күбөлөрүнө сыйлык тапшырган Кочабамба эл аралык жарманке фондунун деректирлер кеңешинин президенти Алдо Васафлорес: «Биз силердин диниңердегилердин ушунчалык жоопкерчиликтүү экенине таң берип жатабыз»,— деп айткан. Анан мындай деп кошумчалаган: «Силер бул жакка [жыйынга] келгендердин баары суктанып кеткидей болушу үчүн, ар бир ишти бүт дитиңерди коюп, жан-дилден, чын ыкластан кылдыңар. Башкаларды силерден үлгү алууга үндөмөкчүбүз».

Музейдеги көргөзмөлөргө аябай таасирленген Кочабамба маданияты боюнча жергиликтүү кеңеш, Кочабамбанын мамлекеттик мекемеси, Жахабанын Күбөлөрүнө сыйлык тапшырды. Кеңештин президенти Сденка Фуентес Жахабанын Күбөлөрүнө жыйын өткөрүү үчүн Кочабамба шаарын тандаганы, Боливиянын ар түрдүү маданиятын чагылдырган бөтөнчө музей ачканы үчүн жеке өз атынан ыраазычылык билдирди.

Жахабанын Күбөлөрү ачкан музейдеги көргөзмө Боливиядагы жергиликтүү элдердин маданиятын чагылдырды.

Боливиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Гарз Гудман мындай дейт: «Жыйындын программасын түз байланыш аркылуу дагы 6 шаар укту. Мунун аркасында, жалпысынан, 49 320 кишиге биримдикте сыйынууга шарт түзүлдү. Биз көптөгөн конокторду жылуу тосуп алган өлкөбүз Боливияга урмат көрсөтүп, жергиликтүү элдердин маданиятын сыйлаганыбызды коомчулук баалаганына кубанып жатабыз».

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген окутуу программасын Боливияда 1924-жылдан бери жүргүзүп келет. Алар 2017-жылдын башында эки өзгөчө окуяга күбө болушкан. Атап айтканда, Ыйык Китептин Грек Жазмаларынын (Жаңы Келишим) кечуа жана аймара тилиндеги котормосу жарык көргөн.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Боливия: Гарз Гудман, тел.: +591-3-342-3442