Мазмунун көрсөтүү

Ненонсабандардын үй-бүлөсүнүн үйүн калыбына келтирип жаткан бир туугандарыбыз (Купанг, Индонезия)

24-ИЮНЬ, 2021
ИНДОНЕЗИЯ

Боордошторубуздун ортосундагы сүйүүнү чыңдап, Жахаба Кудайды даңктаган Индонезиядагы жардам берүү иши

Боордошторубуздун ортосундагы сүйүүнү чыңдап, Жахаба Кудайды даңктаган Индонезиядагы жардам берүү иши

2021-жылдын 4-апрелинде Индонезиянын көп жери Сероя циклонунан улам бүлгүнгө учураган. Ошондон кийинки жардам берүү ишинин аркасында бир туугандарыбыздын үйлөрү калыбына келтирилгенден тышкары, ортолорундагы сүйүү түйүнү да чыңдалды. Ошонун баарын башка көптөгөн кишилер көрүп тургандыктан Жахаба Кудайыбыз да даңазаланды.

Балдарын жалгыз чоңойтуп келаткан Эла Луджипау деген ишенимдешибиздин үйү да кырсык болгондо жардам берүү комитети уюштурган иштин натыйжасында калыбына келтирилген. Ал: «Балдарымды жалгыз тарбиялап келатсам да, боордошторум дайыма жардам көрсөтүп келгендиктен өзүмдү эч качан жалгыз сезген эмесмин»,— дейт. Юлиана Баунселе деген бир тууганыбыз болсо: «Табигый кырсыктан кийин дароо жардам бериш үчүн келген ишенимдештеримди көрүп, Жахаба мага чынында эле кам көрөрүнө дагы да ынандым»,— дейт.

Жардам берүү комитетинин мүчөсү Дики Том мындай дейт: «Жахабанын колун сунуп, боордошторубузга жардам берип жатканын көргөндө аябай кубанасың. Бир туугандарыбыз көрсөтүлгөн жардамга канчалык ыраазы экенин көрүп, абдан таасирлендик. Жахабанын жардам берерине бек ишенгенин, ага таянганын көрүп, ишенимибиз кадимкидей бекемделди».

Иш аракет кылганга түрткү берген ортобуздагы сүйүүнү башкалар да көрдү. Марсел Банунаек деген ишенимдешибиз уруу уруу болуп бөлүнгөн жерде жашайт. Анын үйүн ар кайсы уруудан болгон ишенимдештери келип калыбына келтирип жатканына кошуналары күбө болгон. Анан алар Марселге: «Жахабанын Күбөлөрү биз уккандан таптакыр эле айырмаланат экен»,— дептир. Марсел: «Кошуналарын биримдигибизди, ортодогу сүйүүнү көрүп, аң-таң болушту. Тууган-туушкандарыбыз да ишенимдештерибиздин жардамын өз көзү менен көрүштү. Ошондон кийин ишенген нерселерибиз жөнүндө сурап калышты. Ушундай боордоштугубузга миң мертебе ыраазыбыз»,— деп кошумчалайт.

Калыбына келтирилген үйүнүн маңдайында турган Ненонсабандардын үй-бүлөсү

Жергиликтүү бийлик өкүлү Йоси Дали Отту жардам берүү комитетинин кылган ишин жана COVID-19га байланыштуу чараларга карманганын «жакшы үлгү» деп белгиледи. Ал жардам берүү комитетине мындай деген: «Ишенимдештериңерге кандай жардам бергениңерди көрүп аябай таасирлендим. Табигый кырсык болгондон кийин ыкчам жардам көрсөттүңөр. Мындайда жардам бериш үчүн бардык нерсеңер даяр экен. Өзүңөр да кандай жумуш болбосун кылганга даяр экенсиңер».

Кырсыктан улам имараттар, үйлөр талкаланса да, ортобуздагы сүйүү менен биримдик эч качан жабыр тартпайт. «Жакшы иштерибиз» ортобуздагы сүйүүнү чыңдап, башкаларга Жахабаны «даңктаганга» түрткү берип жатканын көргөндө кандай гана кубанасың! (Матай 5:16)