Мазмунун көрсөтүү

Жеффри Жэксон Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» батак (Тоба) тилинде чыкканын жарыялап жатат

4-ДЕКАБРЬ, 2020
ИНДОНЕЗИЯ

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» Индонезиядагы төрт тилде жарык көрдү

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» Индонезиядагы төрт тилде жарык көрдү

2020-жылдын 28-ноябрында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» Индонезиядагы төрт чоң тилде: батак (Каро), батак (Тоба), ява жана ниас тилдеринде толугу менен чыкканы кулактандырылды. «Жаңы дүйнө котормосу» кагаз түрүндө да, электрондук түрдө да жарык көрдү. Аларды Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон алдын ала жаздырылган программа аркылуу кулактандырды. Программа Индонезиядагы көптөгөн аралдардагы жыйналыштарга трансляцияланды. Аны 41 265 киши көрдү. Ошондой эле программа учурунда Жеффри Жэксон жакында сунда тилинде Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» электрондук түрдө чыгарын айтты.

Котормочулар Ыйык Китептин ал котормолорунун үстүнөн үч жарым жылдан ашуун убакыт бою талыкпай эмгектенип келишкен. Ошол төрт тилдин биринде эле 100 миллиондон ашык киши сүйлөйт. Андан тышкары, 2 600дөн ашуун жарчы ошол тилдерде кабар айтып, жыйналыш өткөрүшөт.

Айта кетчү нерсе, буга чейин колдонулуп келген Ыйык Китептин котормолорундагы эски сөздөр көптөргө тааныш эмес болчу. Жаңы котормо туурасында бир котормочу мындай деп ой бөлүшөт: «Заманбап тилге которулган, толук „Жаңы дүйнө котормосун“ алганыбызга кубанып жатабыз. Бул мени бир нерсеге ынандырды: Жахаба Кудай ар бир адамдын анын Сөзүн оңой түшүнгөн, жүрөгүн козгогон тилде окушун каалайт экен».

Индонезиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Даниэл Пурномо мындай дейт: «Биз азыр оор мезгилде жашап жатабыз. COVID-19 пандемиясы да күч алып жатат. „Жаңы дүйнө котормосу“ ушул тилдерде сүйлөгөн бир туугандарыбыз үчүн өз учурунда берилген чоң белек болду. Алар ыраазы болуп, төбөсү көккө жете сүйүнүп жатышат».

Жахаба Кудайыбыздын Ыйык Китепти — баа жеткис белекти — дагы көбүрөөк адамдарга жеткиликтүү кылып жатканына миң мертебе ыраазыбыз. Анын аркасында ошол тилдерде сүйлөгөн дагы көптөгөн адамдар Ыйык Китептеги чындыкты билип, андан пайда алышат деп үмүттөнбүз (Жакып 1:17).