Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 16-ЯНВАРЬ
КОНГО ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ

Жахабанын Күбөлөрү Конгодогу суу ташкынынан жабыркагандарга жардам берүүдө

Жахабанын Күбөлөрү Конгодогу суу ташкынынан жабыркагандарга жардам берүүдө

Конго Демократиялык Республикасынын борбору Киншасадан түштүк-батышты көздөй 470 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Бома шаарын 26-декабрдан башталган жумада суу каптаган. Жахабанын Күбөлөрү ал кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерине жана башка адамдарга жардам көрсөтүүдө.

Кырсыктан Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен 39 үй-бүлө жабыр тартып, бир киши каза болгон. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнүн беш үйү толугу менен талкаланып, дагы беш үй жарым-жартылай бузулган.

Конгодогу Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы өлкөнүн батышындагы кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерине эң зарыл нерселерди, азык-түлүк менен кийим-кечени, жөнөтүшкөн. Бома шаарынан 80 чакырымдай алыс жайгашкан Матади жана Муанда шаарларында жашаган Жахабанын Күбөлөрү да ишенимдештерине жардам беришкен.

Уорикте (Нью-Йорк) жайгашкан бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши бүткүл дүйнөлүк ишке кылынган тартуудан Конгодогу кырсыктан жабыр тарткандарга каражат бөлүп, жардам көрсөтүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, +1-845-524-3000

Конго Демократиялык Республикасы: Роберт Элонго, +243-81-555-1000