Мазмунун көрсөтүү

Дмитрий Михайлов жакын арада берген дил маек учурунда. Ал 2018-жылдын 29-майында Орусия өкмөтү тарабынан камакка алынып, ал жакта 171 күн өткөргөн.

2019-жыл, 18-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

БУУнун эксперттер тобу Орусиянын Дмитрий Михайловду мыйзамсыз түрдө камаганын билдирди

БУУнун эксперттер тобу Орусиянын Дмитрий Михайловду мыйзамсыз түрдө камаганын билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эл аралык эксперттер тобу Орусиянын Дмитрий Михайловду камакка алганы аны «туткан дининин негизинде кодулоого» жана эл аралык мыйзамдарды бузгандыкка жатат деген жыйынтыкка келген. Алар Орусия өкмөтүн Дмитрий бир тууганга каршы козголгон ишти жокко чыгарууга үндөштү.

Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу топтун (МКЖ) көз карашын камтыган 12 беттүү чечимине ылайык, Дмитрий бир туугандын иш-аракети «эч качан тынчтыкка коркунуч туудурган эмес» жана «анын же Орусия Федерациясындагы башка Жахабанын Күбөлөрүнүн качандыр бир убакта зөөкүр болгонуна да, башкаларды зордук-зомбулукка үндөгөнүнө да эч бир далил жок».

МКЖ Дмитрий Михайлов «дин тутуу эркиндигине ылайык иш кылгандан башка эч жаман иш кылган эмес» жана «кармалып, тергөө камак жайында отурбашы керек болчу» деген тыянак чыгарган. Дмитрий бир тууган түрмөдө отурганына байланыштуу иштей албай калгандыктан жана эч бир кылмышка жооптуу болбосо да, камакка алынгандыктан, МКЖ Орусиянын бийлигин ага акча төлөп берүүгө милдеттендирген.

Мындан тышкары, МКЖ ишеними үчүн адилетсиздиктен жапа чегип жаткан жалгыз эле Дмитрий Михайлов эмес экенин айткан. Дмитрий Михайлов «камакка алынып, түрмөдө отурган жана эл аралык мыйзамдар тарабынан корголгон укугуна — дин тутуу эркиндигине — ылайык иш кылганы үчүн эле кылмыш иши козголгон Орусия Федерациясындагы сан жагынан көбөйүп бараткан Жахабанын Күбөлөрүнүн бири гана». Демек, МКЖ алардын көз карашы адилетсиз түрдө түрмөдө отурган Дмитрий Михайловго эле эмес, «Дмитрий Михайлов мырзаныкындай жагдайга кабылган» Жахабанын Күбөлөрүнүн баарына тиешелүү деп ачык айтуу менен ишенимдештерибиздин бүтүндөй өлкө боюнча куугунтукталып жатканына нааразы экенин билдирүүдө.

Дмитрий бир тууган Ыйык Китепти өспүрүм кезинде изилдей баштап, 1993-жылы 16 жашында чөмүлгөн. 2003-жылы ал Еленага үйлөнүп, экөө чогуу Жахабага кызмат кыла баштаган.

2018-жылы Дмитрий менен Елена бир туугандар бийликтегилердин үч ай бою жашыруун түрдө алардын телефон менен сүйлөшкөнүн угуп жүргөнүн, камера аркылуу аларга байкоо салып жүргөнүн билип калышкан. 2018-жылдын 19-апрелинде Орусия Федерациясынын Иванов облусундагы тергөө комитети тарабынан Дмитрий бир тууганга каршы кылмыш иши козголгон жана куралданган полиция кызматкерлери үйүн тинтишкен. Ошондон бир ай өтүп-өтпөй ал «экстремисттик» ишти каржылап жатат деген айып менен камакка алынган. Тергөө камак жайында дээрлик алты ай — 171 күн — отургандан кийин камактан бошотулган. Ошентсе да бийликтер ага шаардан чыгууга тыюу салган, телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, кат алышып турганын көзөмөлдөй берген жана кылмыш ишин жапкан эмес.

Орусия өкмөтүнө МКЖнын суранычына жооп кайтарууга алты ай берилди. Ал убакыт аралыгында Орусия өкмөтү Дмитрий бир тууганга каршы козголгон кылмыш ишинин жабылган-жабылбаганына, акча төлөнүп берилген-берилбегенине жана анын укуктарын бузгандардын жоопко тартылган-тартылбаганына байланыштуу маалымат бериши керек.

МКЖнын ушул сыяктуу чечими казакстандык Теймур Ахмедовдун ишине таасир эткен көрүнөт. 2017-жылы Теймур бир тууган камакка алынып, ишеними жөнүндө башкалар менен бөлүшкөнү үчүн беш жылдык мөөнөткө кесилген болчу. Теймур бир туугандын жактоочулары жергиликтүү соттордун баарына кайрылып, эч биринен оң натыйжа албагандыктан, аларга МКЖга доо-арыз менен кайрылууга туура келген. 2017-жылдын 2-октябрында чыгарган чечиминде МКЖ Казакстандагы бийликтегилердин иш-аракетин айыптап, Теймур бир тууганды эркиндикке чыгарууга чакырган. Ошондон алты айдай өткөндөн кийин Казакстандын президенти Теймур бир тууганга мунапыс жарыялаган. Ал 2018-жылдын 4-апрелинде боштондукка чыгарылган.

Орусия өкмөтү МКЖнын Дмитрий бир тууганга байланыштуу чечимине кандай жооп кайтарбасын, биз: «[Жахабаны] баш маана кылган адам бактылуу»,— деген убадага бекем ишенебиз. Орусиядагы кылмыш иши козголуп жаткан ишенимдештерибиздин баарына Жахабанын мындан ары да кам көрө беришин жана кайраттуулук менен ага таянгандардын «жакшылыктан кем болбой» турганына андан ары да өз тажрыйбасынан ынана беришин сурап тиленип турабыз (Забур 34:8, 10).