Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Алексей Буденчук, Константин Баженов, Феликс Махаммадиев, Алексей Мирецкий, Роман Гридасов, Геннадий Герман (камакка алынганга чейин)

2019-ЖЫЛ, 23-СЕНТЯБРЬ
ОРУСИЯ

Орусиядагы дагы алты бир тууганыбызга сот өкүмү чыгарылып, түрмөгө камалышты

Орусиядагы дагы алты бир тууганыбызга сот өкүмү чыгарылып, түрмөгө камалышты

2019-жылдын 19-сентябрында, бейшемби күнү, Орусиянын Саратов шаарындагы алты ишенимдешибизге Жахабанын Күбөсү болгону үчүн эле сот өкүмү чыгарылып, түрмөгө камалышты.

Ленинский райондук сотунун судьясы Дмитрий Ларин Константин Баженов менен Алексей Буденчук аттуу бир туугандарыбызды үч жарым жылга, Феликс Махаммадиевди үч жылга, Роман Гридасовду, Геннадий Германды жана Алексей Мирецкийди эки жылга кести. Андан тышкары, сот чыгарган чечимде түрмөдөгү жаза мөөнөтү аяктагандан кийин алардын баарына коомдук уюмдарда беш жылга чейин жетекчиликти колго алууга тыюу салынганы айтылган. Айыпталгандардын жактоочулары чечимге каршы экенин билдирип, доо-арыз менен кайрылууга чечкиндүү болууда.

2018-жылдын 12-июнунда Орусиянын бийликтегилери Жахабанын Күбөлөрүнүн жети үйүн тинтип чыгышкан болчу. Ошондо жогорудагы алты бир тууганыбызга каршы кылмыш иши козголгон. Алардын баарынын үй-бүлөлөрү бар, ал эми Алексей Буденчук бир тууганыбыздын мектепте окуган бир кыз, бир уулу бар. Алексей Буденчук менен Феликс Махаммадиев бир туугандар тергөө камак жайында дээрлик бир жыл отурушкан.

Сотко кайрылган акыркы сөзүндө алты ишенимдешибиз Ыйык Китептен бир канча аят цитата кылып, аларды айыптагандарга карата эч кандай жек көрүү сезимин туйбай турганын айтышты.

Азыркы тапта Орусия өкмөтү жети бир тууганыбызга өкүм чыгарып, түрмөгө камады. Жалпы жонунан Орусиядагы 250дөн ашык бир тууганыбызга кылмыш иши козголгон, алардын 41и түрмөдө же тергөө камак жайында, ал эми 23ү үй камагында отурат.

«[Жахабанын] даңктуу кудуретине ылайык зор күч менен бекемделип, акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болушу» үчүн, биз Орусиядагы ишенимдүү жана кайраттуу бир туугандарыбыздын баары үчүн тиленебиз (Колосалыктар 1:11).