Мазмунун көрсөтүү

Сергей менен Валерия Раймандар сот залында (2020-жыл, 9-октябрь)

9-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту жаш жубайларды шарттуу соттоду

Орусиянын соту жаш жубайларды шарттуу соттоду

2020-жылдын 9-октябрында Кострома шаарындагы Свердлов райондук соту Сергей менен Валерия Раймандарды күнөөлүү деп тапты. Сергей 8 жылга, ал эми Валерия 7 жылга шартуу түрдө эркинен ажырады. Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы ишибизге тыюу салгандан бери бир да Жахабанын Күбөсү мынчалык узак мөөнөткө шарттуу түрдө соттоло элек болчу. Бактыга жараша, Сергей менен Валерия азырынча түрмөгө камалбайт.