Мазмунун көрсөтүү

Киров облустук сотунун коридорунда турган Анджей Онищук бир тууган менен жубайы Анна

2019-ЖЫЛ, 6-СЕНТЯБРЬ
ОРУСИЯ

11 айдан бери бир кишилик камерада отурган Анджей Онищук бир тууган бошотулду

11 айдан бери бир кишилик камерада отурган Анджей Онищук бир тууган бошотулду

Орусияда камакта отурган Анджей Онищук бир тууган 2019-жылдын 3-сентябрында бошотулду. 2018-жылдын 9-октябрында ал Кудайга ишенгени үчүн эле түрмөгө камалган болчу. Анджей бир тууган ошондон бери бир кишилик камерада отурган жана ага аялы Анна менен көрүшүүгө, сүйлөшүүгө уруксат берилген эмес. Түрмөдөн бошотулганы менен, ага башка жакка чыгууга тыюу салынып, катуу чектөөлөр коюлган. Ага каршы козголгон кылмыш иши дагы деле каралууда.

Анджей Онищук бир тууган менен анын жубайынын ушул оор учурда ишенимин бекем сактап жатканы бизди кубандырбай койбойт. Биз Жахабага «түрмөдө отургандар» үчүн тиленип жаткандардын үнүн угуп, жооп берип жатканы үчүн миң мертебе ыраазыбыз (Колосалыктар 4:2, 3).