Мазмунун көрсөтүү

Таиланддагы оңдоп-түзөө иштерине катышкан ыктыярчылар. Жогорудагы сүрөт: Мурунку курулуш ыктыярчылары. Учурда Таиланддагы филиалда кызмат кылып жатышат. Ылдыйкы сүрөт: Мурда курулушка катышкан ыктыярчы (ортодо) Падышалыктын жарчыларынын мектебинде

28-ИЮНЬ, 2023
ТАИЛАНД

Таиланддагы курулуштун токтоп калганы күтүлбөгөн батага айланды

Таиланддагы курулуштун токтоп калганы күтүлбөгөн батага айланды

2019-жылы Таиландда куруу жана оңдоп-түзөө иштери башталып, ага жергиликтүү ыктыярчылар да, башка өлкөдөн барган ыктыярчылар да катышып жаткан. Бирок бүт дүйнөнү COVID-19 пандемиясы каптаганда, чет өлкөдөн барган 50 куруучунун 8инен башкасынын баарына өз жерине кайтып барганга туура келген. Бирок чектөөлөр алына баштагандан кийин, иш кайра уланган. Курулушту акырына чыгарыш үчүн жергиликтүү жарчылардын арасынан кошумча ыктыярчылар чакырылып, окутуп-үйрөтүлгөн. Ошентип, акыркы, жумуштар 2023-жылдын 30-апрелинде соңуна чыккан.

Сетхасат Тавансирикул деген ишенимдешибиз жубайы Варапорн экөө жергиликтүү ыктыярчылардын катарында болчу. Башында алар курулуш боюнча адистигибиз жок болсо кантебиз деп сарсанаа болушкан. Сетхасат мындай деп бөлүшөт: «Курулушка баргандан кийин, бизди сонун кылып үйрөтүштү».

Курулуш жергиликтүү ыктыярчылардын көбүнө чоң кубаныч, канааттануу тартуулагандыктан, алар толук убакыт кызматтын башка түрүн да аркалаганга бел байлап калышкан. Учурда алардын айрымдары Таиланддагы филиалга караштуу аймактарда жүргүзүлүп жаткан башка курулуш иштерине катышып жатышат. Дагы бир карындашыбыз Падышалыктын жарчыларынын мектебинен билим алып жатат. Кээ бирлери болсо Бейтелде кызмат кылышууда. Бейтелде кызмат кыла баштаган ошол ишенимдештерибиздин бири Рапиипат Ворадетсакул мындай дейт: «Курулуш учурунда Жахабанын колдоп жатканын сезгем. Ошон үчүн Бейтелде кызмат кылганга чакырылганда коркпой, дароо эле макул болдум. Жахаба мага ушул жаңы кызматты аткарганга да жардам берет деп бекем ишенем».

Таиланддагы оңдолуп-түзөлгөн имараттардын жогорудан көрүнүшү. Үстүнкү сүрөт: Оңдолгон кеңсе. Ортодогу сүрөт: Техникалык тейлөө бөлүмүнүн жаңы имараты жана кампа. Астынкы сүрөт: Жаңы салынган автотурук

Таиланддагы куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан маалда турак үйлөр, кеңселер оңдолгон. Ошондой эле жаңы техникалык тейлөө имараты, кампа салынган, автотурук курулган. Мындан тышкары, филиалга кошуна жайгашкан 6 батир сатылып алынып, бейтелдиктер жашаганга ыңгайлуу болуп оңдолгон.

Биз Жахабанын иши дегенде жанын берген Таиланддагы ушул ишенимдештерибиз жөнүндө билип, аябай сүйүнүп жатабыз. Алар Забур 34:8деги «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер»,— деген сөздөрдү калетсиз экенине ынанып жатышат.