Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Римдиктер 5:8: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн»

Римдиктер 5:8: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн»

 «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн» (Римдиктер 5:8, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди» (Римдиктер 5:8, «Үмүт нуру» котормосу).

Римдиктер 5:8дин мааниси

 Жахаба a Кудай Уулу Иса Машаякты өз өмүрүн берип адамзатты күнөөдөн арылтыш үчүн жерге жиберген. Муну менен ал аларды абдан жакшы көрөрүн көрсөткөн (Жакан 3:16). Адамдар күнөөкөр болгон үчүн Кудайдын адил талаптарына каршы иш кылганга, туура эмес ой жүгүрткөнгө жакын келет (Колосалыктар 1:21, 22). Ошого карабай Кудай «Уулунун өлүмү аркылуу» бизге өзү менен «элдешкенге» жол ачкан (Римдиктер 5:10). Мунун аркасында биз азыртадан эле Кудай менен ынак мамиледе боло алабыз. Ал эми келечекте түбөлүк өмүр сүрөбүз (Римдиктер 5:11; 1 Жакан 4:9, 10).

Римдиктер 5:8дин контексти

 Элчи Пабыл бул сөздөрдү Римде жашаган ишенимдештерине жазган. Пабыл ошол каттын 5-бөлүмүндө эмне үчүн Машаяктын жолдоочулары Кудай берген үмүтүнө кубанышы жана ыраазы болушу керектигин түшүндүргөн (Римдиктер 5:1, 2). Андай үмүт Кудайдын Иса аркылуу көрсөткөн зор сүйүүсүнө негизделгендиктен, эч качан көңүлдү кайт кылбайт (Римдиктер 5:5, 6). Иса, биринчи адамдан — Адам атадан — айырмаланып, Кудайга жеткилең түрдө баш ийген (Римдиктер 5:19). Адам атанын баш ийбестигинин айынан бүтүндөй адамзат күнөө менен өлүмдүн кулчулугуна моюн сунган (Римдиктер 5:12). Ал эми Исанын тил алганынын жана өмүрүн кун катары бергенинин аркасында Кудайды жакшы көргөн адамдар түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болушкан (Римдиктер 5:21).

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).