ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Ыйык Китепти окуу мага кандайча жардам бериши мүмкүн? (2-бөлүк) Ыйык Китепти кызыктуу кылып оку
«Ыйык Китепти кантип окушту билбесең, ал кызыксыздай көрүнүшү мүмкүн»,— дейт Уилл деген өспүрүм бала.
Ыйык Китепти кызыктуу кылып окуунун сырын билгиң келеби? Бул макалагы кеңештер чоң жардам болот.
Ыйык Китептеги окуяларга жан киргиз
Ыйык Китептеги андагы окуяларга аралашып жүргөндөй оку. Мындай кылсаң болот:
Изилдегиң келген билдирүүнү танда. Ыйык Китептен бир окуяны же Инжилден бир билдирүүнү танда, же болбосо jw.org веб-сайтындагы Ыйык Китептеги үзүндүлөрдүн аудиожаздырууларынын бирин тандасаң болот.
Окуп чык. Өз алдыңча, кааласаң досторуң же үйдөгүлөрүң менен чогуу үн чыгарып окусаң болот. Бирөөңөр баяндоочунун сөздөрүн окусаңар, калгандарыңар ошол окуядагы башка кишилердин сөздөрүн окугула.
Төмөндөгү сунуштардын бирин же бир нечесин колдонуп көр.
Окуяны элестетиш үчүн анын сүрөтүн тарт. Же окуядагы көрүнүштөрдү өрчүгөн тартипте өз-өзүнчө тартсаң болот. Ар бир көрүнүштө эмне болгонун кыска-нуска жазып кой.
Схемаларды тарт. Мисалы, Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылган бир киши жөнүндө окуп жатсаң, анын сапаттарын жана иш-аракеттерин жаз. Тушуна алган баталарын жазып, бири-бири менен туташтыр.
Билдирүүнү жаңылыктар түрмөгүнө айлантып көр. Окуяны ар башка тараптан талдап, аны журналисттердей баянда. Окуяга катышкан жана аны өз көзү менен көргөн кишилерден дил маек ал.
Каармандардын бири туура эмес чечим чыгарган болсо, анын аягы башкача болуп бүтсө кандай болмоктугун элестет. Алсак, элчи Петирдин Иса Машаяктан баш тартканы жөнүндөгү билдирүүнү талда (Марк 14:66—72). Петир кысымга туш болгондо кандай кылса жакшы болмок?
Чыгармачылык да кылсаң болот. Мисалы, Ыйык Китептеги билдирүүнүн негизинде драма ойлоп чыгарып, жазып көр. Ал окуядан эмнелерге үйрөнсө болорун, кандай сабак алса болорун да кош (Римдиктер 15:4).
Казып изилде!
Ыйык Китептеги кайсы бир билдирүүнү окуп жатканда майда-чүйдө нерселерди да талдап окусаң, жашырылган берметтерди табасың. Кээде билдирүүдөгү бир же эки эле сөздө терең ой жатышы мүмкүн.
Мисалы, Матай 28:7 менен Марк 16:7ни салыштырып көр.
Исанын өзүнүн шакирттерине жолуга турганын жазганда эмне үчүн Марк шакирттерине «жана Петирге» деген да маалыматты кошкон?
Жардам: Бул окуяга Марк өзү күбө болгон эмес. Кыязы, ал маалыматты Петирден алган.
Жашырылган кенч: Эмне себептен Петир үчүн Исанын аны кайра көргүсү келип жатканын билүү абдан маанилүү болушу мүмкүн эле? (Марк 14:66—72). Иса Петирдин чыныгы досу экенин кантип далилдеген? Исадан кандай үлгү алсаң болот жана башкаларга канткенде чыныгы дос боло аласың?
Ыйык Китептеги окуяларды элестетсең жана майда-чүйдө нерселерди талдап, казып изилдесең, Ыйык Китепти окуу рахат тартуулайт.